Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:17

КАДР САЯСАТЫ ЖАҢЫЛАНМАЙЫН КООМДО ӨЗГӨРҮҮ БОЛБОЙТ


Кыяс Молдокасымов, Бишкек 24-марттагы ыңкылаптан бери кадр саясатында чоң өзгөрүү байкалбагандыгын талдоочулар белгилеп келет. Ал эми жаңы бийлик ээлери бардык өзгөрүү президенттик шайлоодон кийин болот деп келишкен. Учурда алар 14-августтагы инаугурациядан кийин болот деп жатышат. Бирок ошол эле учурда бийлик бөлүштүрүү жаатында тымызын күрөш жүрүп жатканы жашыруун деле болбой калды. Бул күрөштүн жыйынтыгы кандай болот? Элдин ишеними акталабы? Кадр саясатында чын эле өзгөрүүлөр болобу? Анда ага жооп издеп көрөлү.

Көпчүлүк эксперттердин айтуусуна караганда учурда жаңы бийликке өзгөчө таасир эткен төрт саясый топ бар. Биринчиси 24-мартта жеңишти биз камсыз кылдык деген ыңкылапчы топ. Экинчиси, Феликс Куловду ээрчиген топ. Үчүнчүсү президенттик шайлоодо башкы штабка аралаша калган мурдагы комсомолдук жетекчилер. Төртүнчү топ Акаевдин учурунда бийликте отуруп, эбегейсиз байлыкка ээ болгон адамдар. Мындан башка да бийлик бөлүштүрүүгө таасир эткен ар кандай топтор, күчтөр бардыгын коомчулук жакшы билет.

Айрым байкоочулардын иликтөөсүнө караганда, ушул эле топтордун ичинде да өз ара бөлүнүү, пикир келишпестиктер, тирешүүлөр жүрүп жатат. Мына ушундай саясый күчтөрдүн, топтордун талаш-тартышын жаратпай, ар бирин таарынтпай бийлик бөлүштүрүү азыркы бийликтин негизги баш оорутмасы болууда.

Мына ушундай пикир менен «Жаңы кылым» гезитинин мурдагы баш редактору Марип Тайчабаров да макул:

- Азыр бизде саясый күчтөр үчкө бөлүнүп калды. Биринчи чын эле элге кызмат кылам деген жаңы адамдар. Экинчи мурунку Акаевдин учурунда бийликтин, байлыктын күчүн көрүп калгандар ар кандай жолдор менен кайра жаңы бийлике жагынып жаңы кызматтарга келип жаткандар. Ал эми үчүнчүсү бул жалган жана жасалма революционерлер. Эгер Курманбек Бакиев мына ушуларды иргеп, чыныгы элге кызмат кыла турган татыктуу кадрларды тандап албаса анда элдин ишеничи кетет .

Ал эми Президенттик шайлоодо талапкер болууну көздөгөн саясатчы Кубанычбек Апас бүт саясый күчтөрдүн башын бириктирген коалициалык өкмөттүн болушун жактайт:

- Мен азыр жаңы Президентке ушундай сунуш киргизип жатам, бүт саясый күчтөрдү чакырып конструктивдүү диалог жүргүзүп, коалициялык өкмөт түзүп, экономиканы көтөрүү үчүн аракет кылуу керек деген .

Президенттин Түштүк региондору боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Алманбет Матубраимов кадр маселесинин тегерегиндеги саясый оюндарды токтотпосок болбойт дейт:

- Саясаттагы кадр оюндарын сөзсүз токтотуу керек. Эгер токтотпосок кыргыз эли өнбөйбүз, өспөйбүз. Анан мурда кызматтан уурулук, жаманчылык менен кеткендердин баары келип эле Акаевдин командасында болгон эмеспиз, бизди ушинтип кыйнап келген деп атат. Ким кандай иштегенин элден өткөн сынчы жок, билесиздер аны. Ошондуктан бийликке татыктуу кишилер келиши керек. Эгер азыр элдин көйгөйүн чече турган керектүү кадрларды тандап албасак эл башкача чечип коюшу мүмкүн. Эгер мурункудай кол ийрисине тартат боло берсе биз оңоло албайбыз .

Кадр саясаты тууралуу «Азаттыкка» угармандар да көп кайрылышып, өз пикирлерин билдирип келишет:

- Мен Бостонбаев Муктар, Ноокат районунан келдим. Курманбек Бакиев Акаевге окшобой кадрлардын татыктуусун, акыл эси барын, элге-журтка кызмат кыла турган таза балдарды тандаса. Ага Бакиевдин акыл-эси, идиреги да жетсе керек. Ошондуктан кадр маселесин тез арада чечип, ишти башташ керек эми. Ошол берилген ишенимди акташ керек Бакиев .

Мына ушундай пикирлер эл арасында көп айтылууда. Андыктан жаңы бийликтин кадр саясаты учурда элдин көңүл борборунда болуп, түрдүү багыттагы коомдук пикирдин жаралышына түрткү болууда.

XS
SM
MD
LG