Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:38

СПИД ИЛДЕТИ ЖЫЛДАН-ЖЫЛГА ЖАЙЫЛУУДА


Азиза Турдуева, Бишкек Бишкектеги СПИД борборунун маалыматына караганда, Кыргызстанда жыл өткөн сайын ВИЧ-инфекциясын алып жүргөн адамдардын саны көбөйүүдө. Адистердин пикиринде болсо, бул илдетти алдын алуу боюнча иштер Кыргызстанда жетиштүү деңгээлде жүргүзүлүп жатат.

Алгачкы жолу Кыргызстанда ВИЧ-инфекциясын алып жүргөн адам 1996-жылы катталган. Ал кесиби боюнча врач айым болгон. Учурда өлкөдө ВИЧ-инфекциясына чалдыккан 746 адам катталган. Бирок адистердин пикиринде, алардын саны кыйла жогору болушу ыктымал.

Эл аралык эксперттердин иликтөөлөрүндө дүйнөдө көптөгөн адамдар алар СПИД илдети менен ооругандыгынан күмөн санабай, бирок дал ушул дарттан каза табышат.

Учурда Бишкектеги СПИД борборунун алдындагы диспансерде ВИЧ-инфекциясынан дарыланып жаткан Салтанат аттуу айым илдетке кандайча кабылып калгандыгы жөнүндө мындай дейт:

- Мурда мен баңгизаттарды пайлаланчумун. Биздин өзүбүзчө кампаниябыз бар эле. Мага жакын адамдардын баары эле маңзаттарды колдонушчу. Бул көпкө созулган жок. Анан бир жигит өзүнөн ВИЧ-инфекциясы табылгандыгы тууралуу айтты. Анан биз да баарыбыз текшерилгени бардык. Баарыбызда ВИЧ-инфекциясы бар экенин билдик. Мен үчүн бул тууралуу ата-энеме айтуу өтө кыйын болду. Мен эч бир энеге мындай түйшүктү каалабайт элем .

Салтанаттын айтымында, азыр анын ден-соолугу жакшы эле, бирок убагы келгенде, ал антиретравирустук терапиядан өтүп турушу керек болот.

Статистикалык маалыматтар боюнча, ВИЧ-инфекциясына чалдыккан адам орточо эсеп менен 12 жыл жашайт.

Кыргызстанда ВИЧ-инфекциясына чалдыккандардын эң көп саны түштүк аймакта. Алсак, Ош шаарында эле 241 адам, ал эми жалпы Ош облусу боюнча 119 адам ВИЧ-инфекциясы менен катталган. Мунун себеби бул облуста баңгизаттарды пайдаланган адамдардын көптүгү жана баңгизаттардын, өзгөчө героиндин баасынын төмөндүгү менен түшүндүрүлөт. Бүгүнкү күндө Бишкекте 120, Чүй облусу боюнча 115 ВИЧ-инфекциясын жугузуп алган адамдар бар. Ал эми буга чейин Кыргызстанда 34 адам СПИД оорусунан каза болгон.

Бишкектеги СПИД борборунун жетекчиси Борис Шапиронун айтымында, КМШ өлкөлөрүнүн ичинде Кыргызстанда ВИЧ-инфекциясы менен катталгандардын саны эң төмөн. Мисалы, Казакстанда бүгүнкү күндө 5 миңге жакын, Өзбекстанда 6 миңге жакын адам ВИЧ-инфекциясына чалдыккан.

Кыргызстанда 2004-жылдын 1-мартынан тарта СПИДке, кургак учук, безгек ооруларына каршы күрөшүү боюнча Глобалдык фонддун каржылык колдоосу менен долбоорлор иштеле баштады. Учурда СПИДге каршы күрөшүү тармагында иш жүргүзгөн 53 өкмөттүк жана бейөкмөт уюмдар аталган фонддон ар кандай өлчөмдөгү гранттарды алышты. Жалпысынан Глобалдык фонд Кыргызстанга 2003-жылдын август айында 4 млн. 980 миң АКШ доллары өлчөмүндө грант бөлгөн. Анын алкагында өлкөдө СПИД оорусун алдын алуу, бул ооруга чалдыккандарды дарылоо, баңгизаттарды колдонгон адамдардын арасында, жаштар арасында түшүндүрүү иштерди жүргүзүү, ВИЧ-инфекциясынын диагнозун так койгон жабдыктар менен атайын медицияналык мекемелерди жабдуу иштери жүргүзүлүүдө.

Учурда Кыргызстандын бардык облустарында СПИД оорусун жуктуруп алган адамдарды антиретравирустук дарылоо борборлору ачылган. Азыр аларда 45 адам дарыланууда. Алардын бир жылдык дарылануусуна 660 АКШ долларынан 1,5 миң долларга чейин акча каражаты сарпталат. Ал эми ар бир ВИЧ-инфекциясы бар адам жыл бою дарыланууга тийиш.

Буга чейин Кыргызстанда 12 ымыркай ВИЧ-инфекциясын алып жүргөн аялдан төрөлгөн. Бирок антиретравирустук терапиянын жардамы менен аларга бул илдет өткөн жок. Бул жөнүндө премьер-министрдин аппаратынын алдындагы ВИЧ/СПИД тармагын координациялоо жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн жетекчиси Айнагүл Исакова мындай дейт:

- Боюнда бар аялдар бизге убагында келип дарыланышы керек. Ал эми бизге 17 аял өтө кеч келишти. Аларга биз тез жардам көрсөттүк. Азыр эми алардан төрөлгөн 12 баланын ден-соолугу чың .

2005-2010-жылдардын аралыгында Кыргызстан СПИДке каршы күрөшүү программаларын ишке ашырууга ар кандай эл аралык каржы уюмдарынан 20 миллиондон ашуун АКШ доллар өлчөмүндөгү каражатты алышы мүмкүн.
XS
SM
MD
LG