Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:53

ЖЕҢИЛ АТЛЕТИКА КӨҢҮЛ СЫРТЫНДА КАЛУУДА


Эртең 6-августта Финляндиянын борбору Хельсинкиде жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк чемпионат башталат. Ал мелдеште Кыргызстандын намысын эки гана спортчу коргомой болушту. Алар кимдер жана дарамети, мүмкүнчүлүктөрү кандай?

Жеңил атлетикалык мелдештерди өткөрүү байыркы Грецияда Олимпиадалык оюндардан бери салтка айланып калган. Ал жаңы доордун 1896-жылдагы Олимпиадалык оюндардын программасына да кошулуп, таасири артып келатат. Азыркы учурда Эл аралык жеңил атлетика федерациясы 200гө жакын өлкөнү бириктирет. Жеңил атлетика боюнча 1934-жылдан Европалык, 1983-жылдан дүйнөлүк чемпионат өткөрүлүп келатат.

Ал эми 1921-жылы биринчи жолу Кыргызстанда чуркоо жана диска ыргытуу боюнча мелдеш өткөзүлүп, ошондон бери бул спортко кызыгуу башталган. 1955-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институту уюштурулуп, анда жеңил атлетика кафедрасы ачылып, бул багытта адистерди даярдап келет.

1964-жылдан кыргызстандык спортчулар СССРдин курамында Олимпиадалык оюндарга катыша баштаган. Леонид Иванов Токио шаарында өткөрүлгөн 17-Олимпиадага да катышып, 10000 метр аралыкка чуркоодо 5-орунга жетишкен. Кыргызстандык жөө күлүктөр Отто Барч, Вера Корсакова Мехикодо 19- Олимпиадалык оюндарга барышкан. Кийинки мезгилде кыргыз спортунун өкүлдөрү Татьяна Колпакова, Николай Чернецкий жана Мария Күлчүнова олимпиадалык чемпион аталышып, алтын медаль тагынган.

Эгемендүү Кыргыз Республикасынын жеңил атлетчилери 1996-жылдан баштап Атланта, Сидней, Афина шаарларында өткөн Олимпиадалык оюндарына да катышты. 2002-жылы Түштүк Кореянын Пусан шаарында өткөн 14-Азия оюндарында кыргызстандык Татьяна Ефименко менен Татьяна Борисова алтын медаль жеңип алышкан.

Ошондой болсо да каражаттын тартыштыгынан дүйнөлүк чемпионатка бирин-экин гана спортчулар барып жүрүшөт. Хельсинкидеги жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк чемпионатка Кыргызстандан бийиктикке секирүүчү, Азия чемпиону Татьяна Ефименко жана тоскоолдуктар аркылуу чуркоочу Алексей Погорелов катышмакчы. Тилекке каршы каражаттын тартыштыгынан команда толук бара албады.

Ал эми Орусия бул дүйнөлүк күч сынашууга жүздөн ашуун жеңил атлетчилерин жиберип, спорттун 38 түрү боюнча атаандашканы турат. Орусиялыктар болсо 4 алтын, 4 күмүш жана 4 коло байге колго тийсе, америкалыктардан кийинки экинчи орунду камсыз кылабыз деп турат. Кыргызстандык Татьяна Ефименко Азия аймагына таанылганы менен дүйнөлүк чемпионатта байгелүү орунга жетпей калышы мүмкүн дешет спорт адистери.

Эгемендүү болгону өлкөдө жеңил атлетикага көңүл бурулбай, мыкты адистер чет өлкөлөргө кетип калганын Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасынын орун басары Бообек Кадыркулов айтып, мындай деди:

- Башка улуттун өкүлдөрү таанылып, чеберчилиги жогорулаганда чет өлкөлөргө кетип калууда. Ошондуктан Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан Сатымкул Жуманазаров, Анатай Ибраимов, Айып Исаков сыяктуу айылдык жөндөмдүү жаштарды жеңил атлетикага кызыктыруу зарыл. Мурда союздук тоскоолдуктар болуп, эл аралык аренага чыгууга мүмкүнчүлүк жок болсо, учурда дүйнөгө таанылууга абдан ыңгайлуу шарт бар. Айрыкча кыргыз кыз- келиндери жеңил атлетикага көңүл буруп, машыкса дурус болоор эле...

Орусия жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн айрым жеңил атлетчилери машыгууларын Ысыккөлдө өткөрүп, байгелүү орундарга жетишкенин айтып жүрүшөт.

Кыргызстандык жеңил атлетчилерге шарт түзүлсө өлкөнү таанытууга мүмкүнчүлүк түзүлөөрүн спорт ардагери Мухит Кайбылдаев билдирди:

- Көп спорт мектептери, коомдор жоюлуп кетип, жеңил атлетикага көңүл бурулбай калды. Бизде мыкты адистер азыр да бар. Алардын тажрыйбасын пайдалануу менен учурдагы спорттун жаңы жетишкендиктерин да өздөштүрүү зарыл. Дүйнө чемпионаттарына, эл аралык мелдештерге спортчуларды көп жиберип, такшалдырып, чеберчилигин жогорулатып туруу керек. Мыкты жөө күлүктөр көп болсо алардын жолун улантуучулар дагы арбын болот.

Хельсинкидеги жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк чемпионаттан кийин 1-сентябрда Түштүк Кореяда Азия биринчилиги старт алат. Кыргызстан ага жок дегенде 7 өкүлүн жиберүүгө ниеттенүүдө.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG