Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:05

Таласта «Аялдар - турмуш туткасы» деп аталган облустук форум өттү


ТАЛАС. Облустун район-шаарларынан чакырылган 150 аял коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн кызыкчылыктарын билдиргендер болушту. Акаевдик замандагы уюштурулган жыйындардан айырмаланып бул жолку форумда аялдарга эркин пикир айтуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Форумда аялдардын шайлоо укуктарынын бузулушуна мындан ары жол бербөө, аларды өкүлчүлүктү жана аткаруу бийлик органдарына активдүү катыштыруу зарылчылыгы айтылды. Кыз-келиндер арасында иш алып барууну жандандыруу максатында курамы 15 адамдан турган уюштуруу комитети түзүлдү. Төрт энеге “Баатыр эне”, бир энеге “Даңк” медалы өлкө президентинин милдетин аткаруучунун атынан тапшырылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG