Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:41

Облустук гезит басмакананы сотко берди


ЖАЛАЛАБАТ. Облустук “Акыйкат” гезити менен гезит редакторунун орунбасары Абдували Айлаков Клоцман атындагы облустук басмакананы сотко берүү жөнүндөгү арыздарын тапшырышты. Алар өз кайрылуусунда облустук басмаканадан гезит менен орунбасардын пайдасы үчүн 1,5 миллион сом моралдык жана материалдык чыгым өндүрүп берүүнү жана гезит окурмандары менен коомчулуктун алдында түшкөн кадыр-баркын коргоп берүүнү талап кылышты. Сотко жазылган арызда көрсөтүлгөндөй, басмакана басылманын № 34-санындагы «Курманбек Бакиев - Кыргызстандын келечеги» аттуу макалага кошо берилген Курманбек Бакиев менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин сүрөтүн тескери жайгаштырып койгон. “Акыйкат” газетасынын жетекчилиги туура эмес басылган гезит үчүн окурмандардан да газетага нааразылык каттары түшүп жаткандыгын маалымдады. Облустук басмакананын жетекчилери 5-августта иш ордунда болбогондуктан алардан жооп алууга мүмкүндүк болбоду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG