Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:14

Парламентти таратуу боюнча кол топтоо улантылат


БИШКЕК. Парламентти таратуу боюнча 2 миңге чукул кол топтолгон бойдон бул акция убактылуу токтоп турат. Бул тууралуу “Эркиндик” партиясынын билдиришти. Аталган партия парламентти таратуу демилгеси менен кол топтоонун жобосун, жана буга макул атуулдар кол койо турган барактын үлгүсүн БШК бекитип беришин күтүп жатышат. Партия келерки аптада кол топтоонун республиканын булуң-бурчунда улантууну көздөп жатат. Жаңы шайланган президент, премьер-министр Курманбек Бакиев 10-июлдагы президенттик шайлоодон кийин журналситтердин суроолоруна жооп берип жатып бул парламент менен иштешүү ниетин билдирген. Парламентти таратуу демилгесин “Асаба” саясий партиясы да колдоп чыккан. Конституцияга ылайык, парламентти референдум аркылуу таратыш үчүн 300 миң атуулдун колу керек.

XS
SM
MD
LG