Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:54

Темир жолчу аял 14-августта өзүн өрттөөрүн айтууда


БИШКЕК. Нааразылык чарасында турган темир жолчулардын бири Гүлнара Керимбаева президент ант берчү күнү - 14-августта өзүн өзү өрттөөрү тууралуу билдирүү таратты. “Эгер Курманбек Бакиев менен Феликс Кулов биз коюп жаткан талаптарга көңүл бурбаса, алар үчүн Кыргызстандын атуулунун өмүрүнүн мааниси жок болсо, анда 14-августта өзүмдү өзүм өрттөйм” дейт 1-августтан бери ачкачылыктагы Гүлнара Керимбаева.

- Мен аргасыз ушундай чечимге келдим. 14-августта өзүмдү өзүм өрттөгөнгө психологиялык моралдык жактан даярданып атам. Башка арга жок, бийлик укпаса, гезиттер болсо жамандап жазып атса...

Темир жол башкармалыгына адис жетекчинин келишин, Кыдыкбек Исаевдин отставкасын жана аталган тармакта кадр саясаттын жолго коюлушун талап кылган темир жолчулар эки айдан бери пикетте турушат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG