Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:31

ИСЛАМ БОРБОР АЗИЯДА


Советтер Союзу кыйрагандан бери Борбор Азия республикаларында ислам дини кайра жанданды жана эзелки нугуна түшүүдө. Алыскы мусулман өлкөлөрү медреселерди жана мечиттерди курууга көмөктөшүп, дааватчылар элди ислам жолуна ташбыйкаттап, үгүттөшүүдө. Анткен менен, көпчүлүк байкоочулар Борбор Азия мусулмандарынын динге болгон мамилеси ислам дүйнөсүнүн башка бөлүктөрүнө караганда башкача экенин белгилешет.

Борбор Азиянын жергиликтүү элинен карманган дини жөнүндө сураганыңызда, мусулманчылыктан түшүнүгү бар адамдар: “Алхамдилулла, мен мусулманмын”,-дегп жооп беришет. Мындай келме келтирген адамдар кеңеш бийлиги кулагандан бери көбөйдү. Бул жаңылык эмес. Чөлкөмдө өткөрүлгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, бүгүн Борбор Азиянын мусулман калкынын 95 проценти өздөрүн мусулман деп билишет.

Тажикстандын байтакты Дүйшөмбү шаарында “Азаттыктын” кабарчысына жолоочу кишинин айткан сөзү анын бир далили:

- Ислам боюнча менин атайын билимим жок. Бирок алхамдулилла, мен мусулманмын. Ислам бизди адепсиздиктен качууга, чынчылдыкка, сыйлуу адам болууга, акылы тунуктукка жана мээримдүүлүккө тарбиялайт. Биз бул насил-нарктарды аткарбасак, пайгамбарыбыз Мухаммед алейсаламдын үмөтү боло албайбыз.

Тарыхый маалыматтарга караганда, ислам дини Борбор Азияда VIII- кылымда адеп жайыла баштаган. Анткен менен, жергиликтүү калк Сауд Арабиясы же Ирандын калкына салыштырмалуу диний ырым-жырымдарды катуу тутушпайт. Башка диндерге да сабырдуулук менен мамиле кылышат.

Кымызда алкоголу бар болсо да, казак - кыргыз, башкыр-татарлар арасында ичимдик эсептелбейт. Кыргыз жана казак аялдары эзелтен эркектер сыяктуу эле “аттын кулагы менен тең ойношуп”, кийим кийүүдө эркин болушкан. Тескерисинче, отурукташып жашаган өзбек жана тажиктердин аялдары арасында хижаб кийүү салты күчтүү болгон.

Мона Сыддыки Шотландиянын Глазгов университетинин Теология жана диний окуулар факультетинин башчысы. Сунни окуусунун төрт багыты ичинен, Сыддыки айым баамдагандай, Борбор Азияда кеңири жайылган ханифиттер масхабы жаңы идеялары ачык келет:

- Ханафилер масхабы сунни мектебинин бир багыты. Бул окуу өзүнө шафииттерди, ханбалиттерди, маликиттерди жана ханифиттерди бириктирет. Ханифиттер Борбор Азияда, ошондой эле Түштүк Чыгыш Азияда жана Түркияга коңшулаш Европага чейин кеңири жайылган. Биз түрдүү масхабдардын шариятка болгон мамилесин салыштырып көрө турган болсок, ханифит аалымдары башка багыттын уламаларына караганда бир кыйла эркин экенин, алар сопулук, ибадаттарды аткаруу, ошондой эле Аллага ишенүү маселесин талкуулоого даяр турушканын көрөбүз.

Аалымадар-илимпоздор ошондой эле Борбор Азия мусулмандарынын маданиятына чөлкөмдү XVIII- кылымдын ортосунан тартып башкарган Россиянын да таасир эткенин белгилешет. Падашылык Россиянын кыйрашы менен чөлкөмдө Советтер Союзунун курамына кирген атеистчил республикалар түзүлгөн.

Өткөн кылымдын 90-жылдарынын башында Кеңеш өкмөтү ыдырыганча коммунисттик бийлик көптөгөн диний ибадатканаларды коомдук пайдаланууга алып, медресе-мечиттерди жапкан. Анын кесепети бүгүн да байкалууда. Исламдын кайра жаралуусуна катар айрым адамдар жаңы диндерге өтүшүүдө.

Алматы шаарынын тургуну, ресторанда ашпоз болуп иштеген 26 жаштагы казак аялы ислам жолуна жакында гана чындап түшкөн:

- Мен исламды дүйнөдөгү эң таза дин деп билем. Исламга ишенгенимдин себеби ошондон. Иншалла, эки жыл болду намаз окуп, мусулмандык жолдо жүргөнүмө. Мусулманчылык жолуна түшкөндөн бери жашоо жөнүндөгү түшүнүгүм өзгөрдү. Мурда жахил кездерде арак, чылым деген нерселерге жеңилирээк караганмын. Азыр аларды жаман деп эсептейм.

Бирок бардык эле жаштар секулярдык турмуштан баш тартып, диний ибадаттарды бекем тутууну оң көрүшпөйт. Ташкендик өзбек жигиттин сөзүнчө:

- Биз жашпыз. Албетте, дискотекага барабыз. Биз көңүл ачабыз, кыздар менен жолугушабыз. Биз али жашпыз. Биз картайганыбызда деле орозо тутуп, намаз окууганга жетерлик убактыбыз болот.

Магда Махлуф Каирдеги Айн Шам университетинде Түрк жана перс элдери боюнча адис-профессор. Илимпоз айымдын айтымында, Борбор Азия коммунисттик башкаруудан бошонгондон бери жергиликтүү эл диний салт-каадаларды күтүп, аларда мусулманчылык сезими кайра ойгонгон:

- Бул чөлкөмдүн калкы өздөрүнүн тарыхы боюнча Исламга чырмалышканы шексиз жана алар Ислам маданиятына үлкөн салым кошкон. Алардын акыл мурастары да жакшы белгилүү. Бирок чөлкөм бир кылым же 75 жылга чукул коммунисттик башкаруунун астында болду. Бул доор чөлкөмдө ислам динин терең билүүгө тескери таасир эткени талашсыз. Ушу тапта бу жерде жашаган элде мусулманчылык маанайы жана сезими пайда болду. Ага карабай, алар нукура исламдан жакшы кабардар эмес.

Чөлкөмдө жаңы мечиттерди курууга жана медреселерди ачууга айрым учурда Борбор Азияга караганда бир кыйла консервативдүү мусулман өлкөлөрүнөн келген миссионерлер да жардамдашууда. Лекин ислам тоскоолдуксуз өнүгүп жатат деш жаңылыштык болор эле.

Айтсак, Өзбекстанда бийликтер өкмөт тарабынан колдоого алынбаган диний жамаатарга айоосуз мамиле кылат. Полиция диний жамааттардын миңдеген мүчөлөрүн согушчан деп камакка алып, алар чогулчу жайларды жаап салууда. Андан улам, көпчүлүк өзбектер экстремист же вахабий деп айыпталбас үчүн өз ишеними жөнүндө коомчулук алдында ачык айткандан айбыгышат. Ал тууралуу Ташкендик өзбек аялдын кеби:

- Бул күндөрү көпчүлүк адамдар, айталы, вахабий деп айыпталбаш үчүн Ислам жөнүндө сөз кылгандан коркушат. Бул жерде Исламды терроризмди жашыруу үчүн жамынгандар да бар. Ошондуктан, Ислам жөнүндө кеп кылуу коркунучтуу.
XS
SM
MD
LG