Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:39

ОН БЕШ ӨЗБЕК БОЗГУНУ БОЮНЧА ПИКИРЛЕР АР КЫЛ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Кызуу талаш-тартыштан соң кыргыз бийлиги эгерде, кайсыл бир өлкө качкын макамын бере турган болсо, өзбекстандык он беш атуулду үчүнчү өлкөгө өткөрүп берүүгө макул экендигин билдирди. Буга байланыштуу айрым саясатчылар он беш атуулду үчүнчү өлкөгө өткөрүү Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилесинин начарлоосуна алып келээрин айтышып, коңшулар менен жакшы болуу үчүн он беш качкынды Өзбекстанга кайтаруу зарыл дешет. Мындай пикириге эл аралык жана жергиликтүү укук коргоочулар ага макул эмес.

Байкоочулардын баамында, эми Анжиян окуясында Кыргызстанга качкан өзбекстандык атуулдардын ичинен калган он беш адамдын тагдыры БУУнун качкындар боюнча башкы комиссарлыгынын аракетине байланыштуу чечиле турган болду. Анкени Кыргызстандын Башкы прокуратурасы эгерде БУУ же кайсыл бир өлкө он беш атуулга качкын статусун берсе, кыргыз бийлиги аларды үчүнчү өлкөгө өткөрүп берүүгө даяр экендигин маалымдады.

Башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун айтымында, учурда БУУнун Качкындар боюнча башкы комиссарлыгынын Бишкектеги өкүлчүлүгү бул маселени он күндүн ичинде чечүүгө убада берди. Буга байланыштуу айрым саясатчылар он беш качкынды үчүнчү өлкөгө өткөрүп берүү Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилесин начарлоосуна алып келиши ыктымалдыгын айтышып, аларды өз өлкөсүнө кайтаруу туура болот дешет. Маселен, Коммунистер партиясынын лидерлеринин бири Орозбек Дүйшеев мындай пикирде:

- Менин оюмча Өзбекстанга жакын болушубуз керек. Эгерде чын эле башка өлкөлөр суранса, Эл аралык конвенцияга ылайык башка өлкөгө өткөрсөк болот. Болбосо, аларды кайрадан өз өлкөсүнө кайтаруу зарыл.

Ал эми «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюм башчысы Эдил Байсалов алардын Өзбекстанга кайтарылышын жактабайт:

- Төрттүбү же он бешти беребизби барибир Каримов бизди күнөөлөй берет. Он беш жыл бою Каримов өз өлкөсүндө бир несе болсо эле кыргыздарды күнөөлөп келген. Ошондуктан эл аралык мыйзамдарга ылайык биз аларды үчүнчү өлкөгө өткөрүп беришибиз керек.

Ошол эле мезгилде аткаруу бийлигинин качкындар боюнча жогорудагыдай аракетин Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев да колдой тургандыгын маалымдады:

- Албетте бул Өзбекстан менен болгон мамилеге көлөкө түшүрөт. Ошондой болсо да бул оор абалдан чыгууда жалпы адамзат колдогон мыйзамдын негизинде иш алып барышыбыз керек.

Ошентип, Кыргызтандын аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлик өкүлдөрү өзбекстандык он беш качкынды үчүнчү өлкөгө өткөрүүгө даяр экендиги айтышууда.

Байкоочулардын баамында, окуянын өнүгүшү эми БУУнун же үчүнчү бир өлкөнүн кылмышкер экендиги далилденди делинген он беш атуулдарга качкын статусун береби же жокпу ошого байланыштуу чечилет.
XS
SM
MD
LG