Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:29

ОРУСИЯДАГЫ АЗ САНДУУ КАЛКТАРДЫН АБАЛЫ УЛАМ НАЧАРЛАП БАРАТАТ


Нарын АЙЫП, Прага 9-август Бириккен Улуттар тарабынан Жергиликтүү элдердин эл аралык күнү деп жарыяланган. Бул күн Орусияда да белгиленет, бирок жүздөн ашык улут жашаган Орусияда аз сандуу элдердин абалы өтө начар жана жыл өткөн сайын жагдай начарлоодо.

Жергиликтүү калктардын абалын жакшыртуу жана алардын маселелерине дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу максатында Бириккен Улуттар 9-августту Жергиликтүү элдердин күнү деп 1994-жылы алгач белгилеген жана 1994-жылдан 2004-жылга чейинки аралыкты Жергиликтүү элдердин он жылдыгы деп жарыялаган. Бирок он жыл ичинде андай калктардын маселелери чечилип, алардын абалы өтө деле оңолбогондуктан, былтыр декабрда Бириккен Улуттар Жергиликтүү элдердин экинчи он жылдыгын жарыялады.

Окумуштуулардын айтымында, акыркы 200 жылдын ичинде дүйнөдө тогуз миң тил жоголду жана азыр дүйнөдө жети миң тилде сүйлөгөн эл бар. Ал жети миң тилдин жарымына жакыны дүйнөдөгү жети мамлекетте гана кездешет. Андай көп тилдүү өлкөлөрдүн бири - Орусия. 2002-жылы өткөрүлгөн эл каттоонун жыйынтыктарына караганда, өлкөдө 160 улут жашайт жана алар 101 тилде сүйлөйт.

"Азаттыктын" аналитиги Жулие Корвиндин айтымында, СССР чачырагандан кийин Орусиядагы аз сандуу калктардын абалы биринчи он жылда бир кыйла жакшырган, алардын турмушу жана тили өнүгө баштаган, бирок акыркы төрт-беш жылдын ичинде абал кайрадан начарлоо нугуна түштү жана келечекте жагдай оңолооруна ишенүү кыйын.

Тил абалы эң жакшы деп эсептелинген Тува жумуриятынын мектептеринин 80 пайызында сабак эне тилде өткөрүлөт жана тувалыктар үйлөрүндө өз тилинде сүйлөйт. Бирок экономикалык кыйынчылыктар менен байланыштуу, 1999-2003-жылдар аралыгында Тувада өлгөндөрдүн саны 150 пайызга жогорулады. Аз сандуу элдердин абалына жана келечегине экономикалык жана саясий жагдай өтө зор таасир кылууда, өз эне тилинде гана сүйлөгөн жаштар Орусияда жогорку жетишкендиктерге ээ боло албайт, ал үчүн сөзсүз орус тилинде сүйлөш керек жана ата-энелер балдарын орус тилине сөзсүз үйрөтүүгө аракеттенет. Экономикалык жактан алып караганда, эне тилди билүүнүн кереги жок.

Бурятияда, мисал үчүн, башталгыч мектептердин 40 гана пайызында сабактар эне тилде өткөрүлөт, орто мектептер менен институттардагы сабактар орус тилинде өтөт. Хакасиянын борбору Абакан шаарындагы жогорку окуу жайларындагы сабактардын 35 гана пайызы хакас тилинде өткөрүлөт, мектеп окуучулары арасында өткөрүлгөн сурамжылоолордун жыйынтыгына караганда болсо, алардын эки гана пайызы өз ата-энелери менен хакас тилинде сүйлөшөт, 22 пайызы өз эне тилин чоң-аталары же чоң-энелери менен сүйлөшкөндө колдонот жана алардын эч кимиси бир-бири менен хакас тилинде сүйлөшпөйт.

Андан да аз сандуу элдердин абалы андан да начар. XIX-кылымдын аягында Орусияда эки миңге жакын юкагир улутундагы адам бар болчу, советтик мезгил учурунда алардын жүзгө жакыны гана калган жана 1950-жылдарда совет өкмөтү алардын балдарынын баарын интернаттарга жиберип салган, ал жерде болсо сабактар орус тилинде гана өтчү. Тундрада жашаган энт улутундагылардан болсо азыр үч гана адам калды.

Улуттук тилде сүйлөө Орусияда жыл өткөн сайын барксыз болуп баратат жана көптөгөн улуттар арасында азыр улгайган адамдар гана эне тилин билет. Ага акыркы жылдарда Маскөө өкмөтүнүн жалпы саясаты да салым кошууда - Кремил азыр улуттук автономияларды жоюп, аларды кошуна областтарга кошо баштады. Ошол эле учурда мурдагы советтик жумурияттарда орус тили жыл өткөн сайын аз колдоно баштаганы тууралуу Маскөө такай тынчсыздануу билдирет.
XS
SM
MD
LG