Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:46

ДҮЙНӨДӨ АЛГАЧКЫ ИТ КЛОНДОШТУРУЛДУ


Түштүк Кореянын окумуштуулары дүйнөдө алгачкы итти клондоштурууга жетишкенин жарыялашты. Бул жаңылыктын маанилүүгү - буга чейин итти клондоштуруу дээрлик мүмкүн эмес деген да пикирлер өкүм сүрүп келген эле. Ит багындырылган соң эми адам клондоштурулушу мүмкүнбү?

Ошентип, буга чейин клондоштурулган жаныбарлардын тизмесин ит толуктап олтурат. Маалыматтарга караганда, Түштүк Корея окумуштууларынын итти клондоштуруу аракети бир нече тажрыйбадан улам барып ишке ашкан. Күчүктөрдүн бири төрөлгөндөн көп өтпөй эле мерт болгон экен. Бирок теги боюнча ооган тукумундагы тайгандан Снуппи деп аталган күчүк, окумуштуулардын билдиргенине караганда, өзүн жакшы сезүүдө. Анын туулганына он алты апта болду.

Дүйнөдө эң биринчи Шотландиянын окумуштуулары 1997-жылы Долли деп аталган козуну клондоштурушкан эле. Андан АКШда торпок, чычкан, торопой, мышык, Францияда коён клондоштурулган. Ал эми итти жана маймылдарды клондоштуруу аракети майнапсыз аяктап жаткан эле. Бул ирээт да түштүк кореялык окумуштууларга башка жаныбарларга коротулгандан көп убакыт сарптоого туура келди.

Ооган тайганын клондоштуруунун үстүнөн иштеген 15 окумуштууга Сеулдагы улуттук университетин профессору Хван Ву Сук жетекчилик кылат. Бул окумуштуунун ысымы эл аралык илимий коомчулукка былтыр эле белгилүү боло баштаган эле. Анда түштүк кореялык биотехнологдор адам эмбрионун клондоштурууга жетишишкен. Окумуштуулар итти клондоштуруу адамдар гана эмес жаныбарлар да кабылган айрым олуттуу дарттардын табиятын түшүнүүгө мүмкүндүк берет деп эсептейт.

Профессор Хван Ву Сук Сеулдагы пресс-конференцияда кабарчыларга буларды айтты:

- Клондоштурулган итти жаратуудагы биздин максатыбыз адамдар гана эмес, жаныбарларга да мүнөздүү илдеттердин табиятын иликтөө.
-

Азырынча иттин бир гана теги клондоштурулду. Ал эми анын ар кандай тегин клондоштуруу артирит же диабет өңдүү илдеттерди жаратуучу гендерди жакшылап иликтеп, алардын дабасын табууга мүмкүндүк түзмөк.

Алгачкы итти клондоштурган окумуштуулар тобунун дагы бир мүчөсү Геральд Схаттен мындай дейт:

- Бизге адамдар да учурган бул илдеттердин бардыгы кол жеткис болмок эмес. Биздин эң жакшы досторубуз сөңгөк клеткасын иликтөөнүн биринчи пайдасын көрүшмөк. Иттерде алар канчалык коопсуз жана натыйжалуу экенин иликтөө менен биздин сүйүктүүлөр үчүн канчалык натыйжалуу жана коопсуз экенин билишибиз мүмкүн.

Клондоштурулган күчүктү жаратуу үчүн окумуштууларга ооган тукумундагы таза кандуу тайгандын кулак терисинен алынган клетканы пайдаланууга туура келди. Окумуштуулар бул генетикалык клетканы донорлордон алынган жумуртка клеткасына которушкан. Электр тогун колдонуунун аркасында андан клетканы бөлүп алышты. Бирок оң натыйжага жеткенге чейин окумуштуулар 1000ден ашуун эмбрионду 123 канчыкка жайгаштырышты. Болгону алардын үчөөсүнүн гана боюна бүткөн. Кийинчерээк бирөөсүнүн боюнан түшүп, бир күчүк төрөлгөндөн көп өтпөй мерт болгон. Үчүнчүсү, Снуппи гана аман калып олтурат. Снуппи англис тилинен чечмелей келгенде Сеул улуттук университетинин күчүгү дегенди түшүндүрөт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG