Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:29

ХИРОСИМА АЛААМАТЫНДА АМАН КАЛГАНДАР СОГУШТУ ЖЕКТЕЙТ


Америкалык Би-29 аскер учагы 1945-жылдын 6-августунда жапондук Хиросима шаарына таштаган бомба шаарды тыптыйпыл кылып, анын 100 миңдей тургуну дароо набыт болгон. Көп узабай, 40 миңдей киши ак кан, рак сыяктуу ар кыл оорулардын айынан өмүрүнөн эрте ажыраган. Тирүү калган азганактай хиросималыктар дүйнө коомчулугуна үзгүлтүксүз чакыруу жасап, өзөктүк куралдын алааматын мындан ары болтурбоого үндөп келишет.

Хиросимадагы алааматтан аман калгандардын бири – Йошио Сато (Yoshio Sato) мырза америкалык өзөктүк бомба жарылган чакта жаңы эле 14кө толгон. Ал өткөн шаршембиде Белгияда өзөктүк куралдарга каршы жүрүшкө катышып жүргөн чагында кабарчыбыз Кэтлин Мур менен баарлашып, АКШнын аскердик учагы таштаган алааматтуу бомба түшкөн учурду мындайча эскерди:

- Мен үйдө элем, жардыруунун чордонунан бир чакырымдай гана алыстыкта болчумун. Иним экөөбүз төшөктөн тура элек болчубуз, анткени алдыңкы түнү Хиросимада сиреналар чыңырып, абадан сокку болоорун улам-улам эскертип чыккан. Анын айынан биз уктабай үйдө басып жүрүп, таң куланөөк атканда гана иним экөөбүз төшөккө кулаганбыз.

Жардыруудан кийин алар үйдөн шашып-бушуп чыга калса, тегеректеги үйлөрдүн баары кыйрап, 200-300 метрдей алыстыктан жалбырттаган өрт аларды көздөй жалынын соймоңдотуп жакындан келе жаткан экен.

- Өтө ысык шамал келип урган чакта, биз көлмөгө секирип, денебизди сергиттик жана кийим-кечебизди нымдадык. Бирок көлмөдөн чыгаар замат эле кийимибиз бир заматта кургап калып жатты. Биз улам-улам сууга чумкуп турууга аргасыз болдук.

Кийинчерээк аларды тез жардам машинасы жыйнап кеткенде, ал күйүккө алдырган жана жан чыдагыс оорудан кыйкырып ыйлаган нечендеген балдарды көрдү. «Сыягы, августтун этегинде гана биз атом бомбасына кабылганыбыз ачык айтылды окшойт», дейт Сато.

Ал дал ошол алааматтан бир ай өтүп-өтпөй, энеси каза болгонун, бир нече айдан соң карындашы көз жумганын, бир тууганы өпкө рагынан улам эки операцияны көтөрө албай өмүрүнөн ажыраганын айтты.

Йошио Сато өзү да бомба жарылгандан кийин 26 жыл өткөн соң, ашказанынан рак табылып, дарыланып жүрөт. Жапониядагы айыккыс ооруларды козутканга радиация түздөн-түз кесепетин тийгизди деп санаган Сато замандаштарын кайрымдуу болууга, дүйнөдөгү тынчтыкты чыңдоо үчүн салым кошууга чакырат.

Хиросимадагы алааматтан аман калгандардын бири – Сатору Кониши (Satoru Konishi) мырза. Ал азыркы тапта Өзөктүк куралдардан жапа чеккендердин жапондук конфедерациясы – Нихон Хиданкйо (Nihon Hidankyo) уюмунун баш катчысынын жардамчысы.

Сатору Кониши атом бомбасы жарылганда бети-башы күйгөн, өңү таптакыр таанылбай калган бир киши «суу» деп жалынып-жалбырганын, бирок ага жардам берүүгө эч ылаажысы болбогонун, ушул күнгө чейин алиги суу сураган кишинин үрөй учурган жүзүн унута албай келээрин эскерет.

Анын оюнча, АКШ бийлиги атом бомбасын экинчи дүйнөлүк согушту баштагандардын бири болгон жапондук согушчан өкмөттү багынтуу максатында колдонгон менен, иш жүзүндө расмий Токио жеңилээрине жакындап калган, аны өзөктүк куралсыз эле тизелетүүгө болмок:

- Ошол кезде мен он алтыга толгон улан элем. Аскердик кеме куруу тармагында иштеп жаткан болчумун. Ошондо өндүрүштөгү кырдаал мындай эле – кеме курууга зарыл металлыбыз колдо жок болуп ишсиз отуруп калганбыз. Менимче, Жапония согушта утулаарын моюнга алаарына дээрлик жакын калган, ошондуктан бул бомбанын ташталышынын зарылчылыгы болгон деп санабайм.

Бул ойду колдогондор да аз эмес. Советтер Биримдигинин басып кирүүсүнүн ыктымалдуулугу Жапон өкмөтү үчүн тезирээк багынып берүүгө түрткөн олуттуу жагдайлардан эле, дешет бир катар тарыхчылар.

Демек, АКШнын атом бомбасын таштоодон башка ылаажы жок эле, себеби америкалык аскерлер Жапонияга түшүрүлсө, мындан да катаал кыргын болмок, деген жоромолу талаш-тартыштуу бойдон кала берүүдө.

Хиросимада бомба таштаган учак «Энола Гэй» (Enola Gay) деп аталган. Дал ошол учак тууралуу кыргыздын белдүү акындарынын бири Акбар Рыскулов «Энола Гэй» деген согушка каршы публицистикалык поэмасын жазганы эсте.

Чыканактай кыз кезинде Хиросима алааматын баштан кечирген Коко Танимото-Кондо (Koko Tanimoto-Kondo) айым 1955-жылы атасы менен бирге АКШда болуп, сыналгы шоусуна катышат. Тагдырдын кыйчалышы же тамашасы болот эмеспи, сыналгы берүүсү маалында ал «Энола Гэй» учагынын учкучтарынын бири капитан Роберт Люис менен чогуу болуп калат.

Коко Танимото-Кондо айым өзү айоосуз жек көргөн киши менен дидарлашкан бул унутулгус учур тууралуу мындайча эскерет:

- Капитан Люис (Captain Robert Lewis) дал ошол учактан туруп Хирошима шаары ойрондолуп жок болгонун көргөнүнөн жана ошол көз ирмемде: «О Кудайым ай, деги биз эмне кылгылыкты кылдык!» деп айтканынан кеп салды. Оболу мен бул кишини кас душман катары санаган элем. Бирок ал жанагинтип: «О Кудайым ай, деги биз эмне кылгылыкты кылдык!» деп айтканын эшиткен соң, мен анын көзүнө тик багып карадым. Ал ыйлап жатыптыр.

Ошондо мен оңтойсуз боло түштүм да, кудайга жалбардым: «О Кудай, кечире көр мени! О Кудай, мен бул кишини жек көргөн элем, бирок мен кайсы-бирөөнү жек көрүшүм керек болсо, согуштун өзүн жектешим керек экен, бирок бул кишини жектей албайм. Айланайын Кудай, кечире көр мени!» деп өзүмчө кудайга жалындым.


Ар жылы августтун 6сында Хиросима шаарынын коңгуроосу согушка каршы, өзөктүк куралдарга каршы кагылат.

Алтымыш жыл илгерки алааматтан аман калгандардын эскерүүлөрү да коңгуроо сыяктуу кулакта жаңырып, өзөктүк согуш алааматын эч качан болтурбоого чакырык салып келет.
XS
SM
MD
LG