Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:42

ЕККУнун Ош кеңсесинин Жалалабат шаарындагы өкүлү ишке кирди


ЖАЛАЛАБАТ. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Ош шаарындагы талаа кеңсесинин чечими менен Жалалабат шаарында өкүлдүккө дайындалган Елена Уханова расмий түрдө ишке киришти. ЕККУ өкүлчүлүгү облуста адам укуктарынын сакталуусуна, чыр-чатактар менен жаңжалдарды тынчтык менен чечилүүсүнө жана жаңжалдардын келип чыгуу жолдорун изилдөө маселесине көңүл буруп, өкмөттүк жана өкмөттүк эмес уюмдар, саясий жана коомдук кыймылдар менен бирге иш жүргүзөт. ЕККУ жактырган долбоорлордун облуста ишке ашуусуна көзөмөл салып, жаңы долбоорлорду түзүү жана аткаруу боюнча кызыккан тараптарга көмөк көрсөтөт.

Елена Уханова облуста абал стабилдүү көрүнгөнү менен, коомчулукка кызыктуу окуялар болгондо ички иштер кызматтары окуялуу аймакка адам укугун коргоочулар менен журналисттерди жакындатпай коюшаарын байкаганын билдирди. Өзбек бозгундарын облустун аймагынан чыгарып кетерде айлана-чөйрөсү курчоого алынган Жалалабат аэропортуна кирүүгө мүмкүндүк ала албаганын маалымдады. Мындай ыңгайсыздыкка Акыйкатчынын облустагы өкүлү жана башка адам укугун коргоочулар да кабылышкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG