Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:15

Таласта Конституциянын жаңы долбоору талкууланууда


ТАЛАС. Демократияга колдоо көрсөтүүчү Таластагы маалымат борборунун жетекчиси Гүлнара Избасарованын “Азаттыкка” 6-август күнү билдиргенине караганда, аталган борбордун атайын даярдыктан өтүп келген адистери Бакайата, Талас райондору жана Талас шаарынын калкынын арасында Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоо боюнча семинарларды өткөрүп жатышат. Талкууларга ардагерлер менен аялдар, өз ара жардамдашуу топторунун, өкмөттүк эмес уюмдар менен ар кыл багыттагы фонддордун өкүлдөрү, дыйкандар, жаштар катышууда. Айтылган сунуш-пикирлер системалаштырылып, жакында Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнүн катышуусунда өтүүсү күтүлүп жаткан облустук форумда эл талкуусуна коюлат. Ушундай эле талкууларды Карабуура, Манас райондорунда, Кызыладыр айылындагы демократияга колдоо көрсөтүүчү маалымат борборунун адистери да өткөрүп жатышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG