Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:43

Хантеңириде тик учма кырсыкка учурады


БИШКЕК. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагындагы аба күчтөрүнө таандык тик учма 6-августта күндүзгү саат 12.40та Хантеңири чокусунун аймагындагы Түштүк Эңилчек тоо кыркасында кырсыкка учурады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин граждандык коргоо башкармалыгынын башчысы, полковник Укашев Жыргалбектин айтымында, тик учманын бортундагылар толугу менен аман-эсен:

- Баары азыр тирүү. Бир эле экипаж командири Волошин бутун сындырып алган. Анан тик учманын командиринин жардамчысы Бугубаев Азамат күйүккө учураган.

Жыргалбек Укашевдин билдиргенине караганда, тик учмада экипаждын 4 мүчөсү жана 11 турист болгон. Тик учма 15 метр бийиктикке чейин көтөрүлүп, кайра кулап түшкөн, анан күйө баштаган. Аларга дароо 500 метр алыстыкта жайгашкан туристтер лагеринен адамдар келип, алгачкы жардам көрсөтүшкөн. Кырсыкка кабылгандарды алып келүү үчүн ушул эле күнү түштөн кийин коргоо министрлигинин карамагындагы тик учма жөнөп кетти. Укашевдин билдиргенине караганда, кырсыктын себептерин атайын комиссия аныктайт. Ал эми туристтер кайсы өлкөлөрдөн экендиги аныктала элек. Аларга кызмат көрсөткөн «Аксай Травел» компаниясы менен бул күнү байланышуу мүмкүн болгон жок.

XS
SM
MD
LG