Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:56

ОРУС АСКЕР КЕМЕСИ БРИТАНДЫК АДИСТЕРДИН ЖАРДАМЫ МЕНЕН КУТКАРЫЛДЫ


Амирбек Аззам уулу, Прага Тынч океандын астында антеннага чырмалышып “туткунда” жаткан Орусиянын суу астында сүзүүчү чакан кемеси бүгүн (минисубмарин) суу бетине чыгарылды. Аскерий кайыктын жети мүчөсү тең аман-эсен.

Орусиянын деңиз аскер күчтөрүнүн өкүлү Игорь Дигайлонун билдиришинче, жети деңизчи жоокер кайыктан эч кимдин жөлөөсү жок басып чыгышкан жана азыр медициналык текшерүүдөн өтүшүүдө. Куткаруу иштери кечеңдеп кетсе, аларга кычкылтек жетпей калмак жана үшүй башташмак.

Эки күндөн бери 190 метр тереңде кайыкты “туткундап” чыгарбай жаткан болот антенна британиялык адистер алып келген “Чаян” деп аталган алыстан башкарылуучу роботтун жардамы менен кесилди. Ошондон кийин гана минисубмаринди суунун бетине көтөрүп алышты.

Орусиялык деңизчилерди куткарууга жардамдашуу үчүн Петропавловск-Камчаткага британиялык адистерден тышкары АКШлык да куткаруучулар тобу келишкен эле.

Беш жыл илгери Орусиянын түндүгүндө “Курск” атомдук кемеси чогуп кетип, анын ичиндеги бардык 118 деңизчи жоокер куткарылбай калган. Анда Орусия өкмөтү чет өлкөлөргө жардам сурап, өтө кеч кайрылганы үчүн катуу сынга алынган.

Бул ирет ырасмий Москва убакытты саалгытпастан туруп, Камчатка жарым аралына жакын сууларда чөккөн аскерий кайыкты куткарууга жардам берүүсүн суранып чет өлкөлөрдү көмөктөшүүгө чакырды.
XS
SM
MD
LG