Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:02

АДМИНИСТРАТИВДИК РЕФОРМА: ОБЛУСТАР ЖОЮЛАБЫ?


Чолпон Орозобекова, Бишкек Аскар Акаевдин тушунда эле административдик- аймактык реформа жөнүндө кенен сөз болгон менен олуттуу деле өзгөрүүлөр болгон эмес. Учурда саясий партиялар азыркы бийликке бул багыттагы ар кандай сунуштарын жөнөтүшүүдө. Аларга ылайык облустар жоюлушу керек же райондорду бириктирүү жолуна түшүү керек.

Административдик реформа болуп, өзүн-өзү башкаруунун тепкичтерин кыскартуу жөнүндө сөз Кыргызстанда 7-8 жылдан бери айтылып келатат. Бирок Аскар Акаевдин тушунда жылыш болгон эмес. Азыркы бийлик 2006-жылы Кыргызстанда административдик-аймактык реформа баштаары күтүлүп жатат. «Эркиндик» партиясынын лидери Топчубек Тургуналиевдин айтымында, партиянын бул багыттагы сунуштарын шайланган президент Курманбек Бакиев колдоп жатат.

Бул реформанын алкагында облустар жоюлуп, чиновниктердин саны 30% кыскарышы керек. Бул пландалып жаткан реформага коомчулукта ар кыл пикирлер айтылууда. Айрымдар деги эле жоюлушуна каршы болсо, айрым чөйрөлөрдө облустар жоюлуш керекпи же райондорбу деген талаштар болууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов облустардын жоюлганы туура болот, башкаруу системасын үч тепкичке өткөрүү керек дейт:

- Бул маселе канча жылдан бери эле айтылып келатат, бирок жылыш болбой атат. Облустар жоюлса, казынага бир кыйла жеңилдик болмок. Башкаруу системасын төрт тепкчитен үч тепкичке түшүрүү керек.

Өз кезегинде губернатор болуп жүргөн Накен Касиев облуcтардын жоюлушуна каршы, анын оюнча райондорду бириктирген оң. “Облустар жоюлуп, ал эми райондор жайнап калгандан пайда жок, райондорду бириктирип койгон туура болот” дейт ал.

Админитсративдик реформа дегенде көпчүлүк байкоочулар чиновниктердин кыскарышын түшүнүшөт. Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ишенгүл Болжурова чиновниктердин санын кыскартууга макулмун, бирок облустарды жоюуга өтө этият мамиле кылуу керек дейт. Анын пикиринде, балким эки облусту бириктирип, алгач пилоттук долбоор жасап көрүү керек.
Коомчулукта деги эле аймактык реформага каршы да пикирлер бар.

Коммунисттик партиянын лидерлеринин бири, экс-депутат Орозбек Дүйшеев мамлекеттик казынанын жүгүн жеңилдететбиз деген шылтоо менен тобокелчиликке барууга болбойт дейт:

- Каражатты үнөмдөө десе эле, жоюу жагын караштырып киришкени туура эмес. Ар бир облустун өзгөчөлүгү бар. Ар бири мамлекетке өз жашоо шартына жараша пайда алып келип атат. Админитсративдик реформада чиновниктердин санын азайтып, мекемелердин штатын кыскарткан оң болот.

Кыргызстанда учурда жети облус, кырктан ашык район бар.
XS
SM
MD
LG