Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:13

Кыргызстандын Конституциясы кандай болушу керек?


ОШ. Бул маселе Ош мамлекеттик университетинде 7-августта өткөн телеконференцияда талкууланды Ага президенттик аппараттан, жергиликтүү мамлекеттик башкаруу органдарынан, илимий, маданий жана ишкер чөйрөлөрдөн өкүлдөр келип катышышты. Тележыйындын жүрүшүндө Кыргызстандын Баш мыйзамын даярдоонун өзгөчөлүктөрү, андагы бийликтин үч бутагынын тең салмактуулугу, Баш мыйзамда улуттук баалулуктардын камтылышы сыяктуу маселелер талкууга коюлду. Айрыкча Баш мыйзамга элдик курултайды киргизүү маселесинде бир кыйла талаш-тартыштар орун алды. Сүйлөгөндөрдүн көпчүлүгү элдик курултайды киргизүү улуттук баалулукту бекемдөө катары карашса, айрымдары элдик өкүлчүлүктүн органы катары парламент кала бериш керек, элдик курултай анын ишин кайталабашы керек деген пикирлерди айтып өтүштү. Атуулдук коомдун өкүлдөрү Конституциялык кеңешме тарабынан даярдалган Баш мыйзамдын долбоорунун бир катар беренелерин сынга алышып, президенттин, өкмөттүн, Жогорку Кеңештин жана сот системасынын бийлик укуктарынын сакталышы жана чектелиши боюнча сунуштарын киргизишти. Телеконференция “Ош-3000” экинчи улуттук телеканалынын демилгеси менен уюштурулду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG