Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:52

Бейөкмөт уюмдар, журналисттер тобу коррупцияга каршы уюм негиздешти


ЖАЛАЛАБАТ. Облустагы коррупцияга каршы күрөшүүчү жаңы уюмдун курамына облустагы эркин журналисттер менен бейөкмөт уюмдарынын он өкүлү кирди. Жаңы уюм облустук адилет уюмунун атайын каттоосунан өттү. Өз ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн ал коррупцияга каршы күрөшүүчү мамлекеттик жана чет өлкөлүк уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, биргелешип аракеттенүүнүн жол- жоболорун аныктады жана чет элдик уюмдардан грант алуу үчүн атайын долбоор түзүүгө кам көрүүдө. Уюм өкүлдөрүнүн пикирлерине караганда, жең ичинен пара алуу өнөкөткө айланган. Облуста коррупцияга каршы жүргүзүлгөн иш чара жетиштүү эмес. Жарандар кандайдыр бир кызмат көрсөткөндүгү үчүн пара талап кылган кызмат өкүлдөрү жөнүндө укук коргоо жана коомдук тартип мекемелерине дайым эле билдире беришпейт. Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө тегерек үстөл жана талкуулардын чечимдери ишке ашпай, кагаз жүзүндө кала берүүдө. Уюм өз ишмердүүлүгү боюнча маалымат каражаттары аркылуу коомчулукка дайыма кабарлап турууну чечти.

XS
SM
MD
LG