Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:58

Европа Банкы байланыш тармагын чыңдоону каржылайт


БИШКЕК. Реконструкциялоо жана өнүктүрүү боюнча Европа Банкы менен Канада өкмөтү Кыргызстандын алыскы райондоруна жана айылдарына байланыш технологияларын жеткирүүгө техникалык жана укуктук жардам берүү максатында 200 миң евро бермей болду. Бул долбоорду ишке ашырүү үчүн каражат Транспорт жана байланыш министрлигинин мамлекеттик байланыш агенттигине бөлүнөт. Канада телекоммуникация жетпей жаткан жерлерге кызмат көрсөтүүнүн жагдайын иликтөө үчүн 15 адисти жөнөтөт. Каражатты эл аралык өнүгүү боюнча Канада агенттиги аркылуу Канада өкмөтү берет. Бул тууралуу Реконструкциялоо жана өнүктүрүү Банкынын Бишкек кызматына шилтеме берип, «Кыргызинфо» агенттиги таратты.

XS
SM
MD
LG