Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:32

Орусиянын Алтай крайынын губернатору автокырсыктан каза тапты


Мамлекеттик автоинспекция кызматынын алгачкы иликтөөлөрүнө караганда, буга губернатор Михаил Евдокимовдун айдоочусу күнөөлүү болушу мүмкүн. Губернатордун "Мерседес 600" үлгүсүндөгү автоунаасы катуу ылдамдыкта алдыдагы автоунаадан тыюу салынган жерде ашып өтүп бара жаткан кезде айдоочу бет маңдайдан чыга калган машинадан качам деп барып, даракты сүзгөн. Кырсык бүгүн эртең менен Бийск - Барнаул жолунда болду. Губернатор менен анын айдоочусу жана жансакчысы да каза тапы, ал эми жубайы оор жаракат алган. Михаил Евдокимов былтыр Алтайдын губернаторлугуна шайланганга чейин таанымал актер жана куудул болчу.

XS
SM
MD
LG