Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:23

Иракта бүгүн да адам өмүрүн кыйган бир нече окуялар орун алды


Башкаала Багдаддын райондорунун биринен куралчандар, мунай министрлигинин эки кызматкерин өлтүрүп, үчөөсүн жарадар кылышкан. Ал эми дарыгерлердин билдиргенине караганда, Багдаддын батыш тарабындагы атышуудан үч жергиликтүү жоокер каза тапты. АКШ командачылыгынын айтымында, кечээ жол боюндагы минага кабылганда, эки америкалык аскер каза таап, үчөөсү жарадар болду. Түндүктөгү Тикрит шаарында жанкечти бүгүн полиция бекетинде жардыруу жасап, кеминде беш адамды мерт кылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG