Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:35

ТҮНДҮК КОРЕЯНЫН ӨЗӨКТҮК ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА СҮЙЛӨШҮҮЛӨР ҮЧ АПТАГА ТОКТОТУЛДУ


Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча Пекинде өтүп жаткан алты тараптуу сүйлөшүүлөр үч аптага токтотулду. Тараптар кандайдыр бир макулдашууга жетишкен жок.

АКШ, Түндүк, Түштүк Корея, Орусия, Кытай , Жапония катышкан алты тараптуу сүйлөшүүлөрдүн бул айлампасы 13 күнгө созулду. Андагы негизги талаш - тартыштар Түндүк Кореяга энергияны тынчтык максатта колдонуусу үчүн өзөктүк программаны башкаруу мүмкүнчүлүгү берилиш керекпи же керек эмеспи деген маселге барып такалгандай. Сүйлөшүүгө катышкан америкалык делегациянын башчысы Кристофер Хилл Вашингтон Түндүк Кореянын жеңил сууда иштөөчү атомдук реакторго ээлик кылуу талабын кабыл алалбасын белгиледи:

-Соңку бир нече күндө макулдашууга жетишүү проблемасы алардын өзөктүк энергияны коммерциялык же тынчтык максатта өнүктүрүү укугун сактап калуу жөнүндөгү каалоосу менен эле байланыштуу эмес экени билинди. Алар ошондой эле жеңил сууда иштөөчү реакторду талап кыла башташты.

Адистердин айтымында, жеңил сууда иштөөчү реакторлор да атомдук курал жасоодо керектелүүчү материалдарды өндүрүүгө жөндөмдүү. Түндүк Кореяда жеңил сууда иштөөчү эки реактор куруу мсселеси АКШ менен Пхеньяндын ортосунда 1994-жылы түзүлгөн макулдашууда каралган болчу. Бирок бул долбоор азыркы кризис башталгандан бир жылдан кийин, 2003-жылдын октябрында токтотулган. Анда АКШ Түндүк Корея уранды жашыруун түрдө байытып жатканын айтып чыккан эле. Америкалык делегациянын башчысы Кристофер Хилл тыныгу учурунда Пхенья өз турумун өзгөртөрүнө үмүттөнөөрүн билдирди.

Бирок Түндүк Кореянын азыркы сүйлөшүүлөргө катышкан делегациясынын башчысы, тышкы иштер министринин орун басары Ким Ге Гвандын айтымында, оболу АКШ Пхеньяндын эч кандай өзөктүк прогрммасы болбош керек деген турумун өзөгөртүшү керек. Түндүк Кореяга өзөктүк курал Кошмо Штаттардын кол салуу коркунучунан коргонуу үчүн зарыл жана алар коңшу Түштүк Кореяда да эч кандай өзөктүк курал жок экени кепилденүүсүн көздөйт:

-Биздин кесиптештер өзөктүк энергияны тынчтык максатта колдонуу укугубуздан баш тартууну талап кылууда. АКШ бизге өзөктүк курал менен кол салбай турганын ырастап, буга укуктук, системалуу кепилдик бериши керек. Түштүк Корея өзөктүк калканычтан баш тартып, өзүнүн өзөктүк куралы жок экенин жана мындай курал менен аны эч бир өлкө камсыздабашын кепилдеши керек.

Айтор сүйлөшүүлөрдө тыныгуу жарыяланышы, тараптар алгач белгилегендей Түндүк Корея өзөктүк курал программасын кандайча токтотушу керек жана мунун орунда эмне аларын караган макулдашууга жеткен жок дегенди туюндурат.

Жапон өкмөтүнүн өкүлүнүн айтымында, сүйлөшүүлөргө катышкан калган беш өлкө тең азыр Пхеньян үчүн өзөктүк энергияны тынчтык максатта колдонууну талап кыла турган учур эмес деген пикирде. Жапон делегациясынын башчысы Кенитиро Сасэ буларга токтолду:

- Ар бир өлкөнүн сүйлөшүүлөрдөгү аракети бекерге кетпеши керек. Жетишилгендерди келерки айлампага чейин сактоо маанилүү.

Эми тараптар өз өкмөттөрү менен консультацияларды өткөрүп, сүйлөшүүлөрдү кайра 29-августа жандандырары белгиленген. Бирок баяндамачылардын пикиринде, өзөктүк курал жасап жатканын дагы бир жолу билдирген Түндүк Корея менен үч жылдан менен уланып жаткан тирешүү кантип чечилери азырынча беймаалым.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG