Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Аба ырайы


БИШКЕК. Гидрометеорология борборунун маалыматына караганда, 9-августта республика боюнча күн бүркөлүп ачылып турат. Айрым жерлерде күн күркүрөп, жаан жаайт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жеткен жел жүрөт.

Абанын температурасы:
Ысыккөл ойдуңунда түнкүсүн +11...+16, күндүз +22...+27 градус жылуу.
Таласта түнкүсүн +12...+17, күндүз +25...+30 градус.
Жалалабат, Ош, Баткен аймактарында түнкүсүн +18...+23, күндүз +29...+34 градус ысык болот.
Ал эми тоолуу Нарын жергесинде түнкүсүн +10...+15, күндүз +25...+30 градус.
Сарыөзөн Чүйдө түнкүсүн +18...+23, күндүз +28...+33 градус.
Борборубуз Бишкекте ала булут каптап турат. Кыска мөөнөттө жамгыр жаашы күтулөт. Абанын температурасы түнкүсүн +20...+22, күндүз +30...+32 градус.

Кабарлар топтомун Бакыт Аманбаев, Бурулкан Сарыгулова жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG