Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:01

Кыргызстанда полициянын акыйкатчы институту түзүлүшү ыктымал


БИШКЕК. Муну ички иштер бөлүмдөрүнүн ишин жана укуктарын көзөмөлдөө борбору долбоорлоп жатат. Борбор ички иштер органдарына жардам көрсөтүү боюнча ЕККУ программасынын алкагында иш жүргүзөт. Борбордун болжолдогонуна караганда, полициянын акыйкатчы институту Борбордук Европада ийгиликтүү иштеп жаткан Акыйкатчы институту сыяктуу эле көз салуучу милдет аткарышы керек. Ички иштер органдарына жардам көрсөтүү боюнча ЕККУ программасынын улуттук кызматкери Шамшыбек Мамыровдун билдиргенине караганда, бул демилге 17-сентябрда өтө турган тегерек үстөлдө талкууланганы жатат. Ага президенттик администрациянын, күч структураларынын, жарандык коомдун, акыйкатчы институтунун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат. Шамшыбек Мамыровдун айтымында, Ички иштер органдарын реформалоонун алкагында ЕККУнун колдоосу менен 2003-жылдан бери сегиз долбоор иштеп жатат.

XS
SM
MD
LG