Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:19

Орусия менен Кыргызстандын акыйкатчылары келишим даярдап жатышат


БИШКЕК. Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу менен Орусия Федерациясынын адам укуктары боюнча өкүлү Владимир Лукин сентябрь айында эки органдын кызматташтыгы тууралуу келишим түзүшөт. Бул тууралуу тараптар Турсунбай Бакир уулунун Москвага сапарынын учурунда макулдашты. Акыйкатчынын маалымат кызматы 8-августта тараткан кабарга караганда, акыйкатчы ошондой эле Москвага сапарынын учурунда Тышкы иштер министрлигинин миграция департаментинин өкүлү Тажимамат Шаболотов менен жолугушуп, кыргызстандыктардын укуктарына байланышкан маселелерди талкуулашты. Турсунбай Бакир уулу Орусиядагы Кыргызстандыктардын укуктары боюнча жаңы өкүлү кылып Шерикбек Акимовду дайындады.

XS
SM
MD
LG