Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:13

Кышка даярдык начар


БИШКЕК. Бишкек ТЭЦине кыш мезгилинде 750 миң тонна көмүр талап кылынат. Анын ичинен жергиликтүү көмүр кендеринен ТЭЦке 120 миң тонна ташылып келинээри пландаштырылган. «Электр станциялар» акционердик коому бул максатта бүгүнкү күнгө чейин акча бөлбөгөндүктөн учурда жергиликтүү Ташкөмүр жана Каракече көмүр кендеринен бир тонна да көмүр ташыла элек. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын башчысы Файзулла Рахманов «Азаттыктын» кабарчысына 8-августа билдирди. Ошондой эле Файзулла Рахманов көмүр тармагына улуттук бюджеттен 30 миллион сом каралып, бүгүнкү күндө анын 5 миллион сому гана бөлүнгөнүн маалымдады. Эгерде мындай көрүнүш улана берсе, республика кышка убагында даяр болбой калат деп кошумчалады Файзулла Рахмонов.

XS
SM
MD
LG