Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:49

Хантеңирдеги кырсыктан төрт адам жабыркады


БИШКЕК. Хантеңир чокусуна жакын жердеги Түштүк Эңилчек тоо кыркасындагы авиакырсыкка кабылган адамдардын төртөө Бишкектеги №4 ооруканада дарыланып жатышат. Алардын ичинен Кыргызстандын эки жана Германиянын бир атуулу кырсык учурунда күйүккө кирептер болгон. Оорукананын башкы дарыгери Сабыр Жумабековдун билдиргенине караганда, аталган үч адамдын денесинин 10 пайызынан 30 пайызына чейинки бөлүгү күйгөн. Ооруканага түшкөндөрдүн дагы бири - кыргызстандык атуул колун сындырып алган. Дарыланып жаткандардын аты-жөнүн оорукана ачыктай элек. Ал эми Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, кырсыктын себептерин атайын комиссия иликтеп жатат.

6-августта аталган министрликтин авиация департаменттине таандык тик учмасы кырсыкка учурап, толугу менен күйүп кеткен. Анын ичинде чет өлкөлүк 11 турист жана кыргызстандык 6 кызматкер болгон. Алар тик учмадан эрте чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG