Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:08

Курманбек Бакиевдин эс алуусу аяктады


БИШКЕК. Жаңы шайланган президент Курманбек Бакиев инаугурациядан кийин жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуп, башкы милдеттерди талкуулайт. Бул тууралуу Бакиев 8-августта өкмөт үйүндө өткөн жумушчу жыйында белгиледи. Анын айтымында, жергиликтүү органдар аймактык жана жергиликтүү маселелерди чечүүгө жоопкер болушу керек. Жыйында ошондой эле кышка, жаңы окуу жылына даярдыктар, паспорт маселеси талкууланды. Ага мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов, администрация башчысы Үсөн Сыдыков жана вице-премьер министрлердин милдетин аткаруучулар катышты. Бул жыйын Курманбек Бакиев эс алуудан чыккандан кийинки алгачкы иш чара. Бакиев эс алууга 26-августта кеткен. Маалымат кызматынын кабарлаганына караганда, Бакиев Ысыккөлдө эс алды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG