Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:52

Ооганстандагы парламенттик шайлоого жетиштүү каражат бөлүнбөй жатат


Ооганстандагы парламенттик шайлоо сентябрдын он сегизинде өтүүгө тийиш, бирок Бириккен Улуттардын айтымында, аны өткөрүүгө талаптуу 31 миллион доллардын азырынча 12 гана миллиону бөлүндү. Шайлоо алгач 2004-жылдын июнунда өтүүгө белгиленген, бирок коопсуздукту камсыз кылуу жана каржылоо маселелеринен улам үстүбүздөгү жылдын жаз айларына, андан соң сентябрга калтырылган.

XS
SM
MD
LG