Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:36

Ирактын жаңы Конституциясы боюнча жыйын бир күн кийинкиге калтырылды.


Бүгүн Багдад шаарында Ирактын белгилүү саясатчыларынын жыйыны өткөрүлүп, өлкө Конституциясынын долбоору талкууланмак, бирок аба ырайы бузулуп, кум бороон башталгандыктан, ал эртеңкиге калтырылды. Бороондон улам күрддөрдүн жетекчиси Масуд Барзани кечээ күнү Багдадка учуп келе албай калды. Анткен менен долбоорду иштеп чыгуу мөөнөтү өзгөртүлгөн жок жана ал парламентке 15-августта тапшырылууга тийиш.

XS
SM
MD
LG