Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:19

ОН БЕШ ӨЗБЕК БОЗГУНУ ЕВРОПА ӨЛКӨЛӨРҮНӨ БЕРИЛЕБИ?


Азиза Турдуева, Бишкек Кыргызстандагы 15 качкынды Нидерланды, Швеция жана Финляндия кабыл алууга даяр. 9-августта Бириккен улуттар уюмунун Качкындар боюнча комиссарлыгынын Бишкекке келген өкүлү Оштогу сизодо кармалып, оор кылмыштарды жасаган деп күнөөлөнүп жаткан 15 качкын менен жолугушуп, аларга байланыштуу материалдарды кошумча иликтейт. Кыргызстандагы укук коргоочулардын пикиринде өлкөдө калган өзбек качкындары үчүнчү өлкөлөргө өткөрүлүп берилүүгө тийиш.

Ушул жылдын май айындагы Анжиян окуяларына байланыштуу Кыргызстанга качып келген 439 өзбек атуулунун июль айынын аягында Румынияга чыгарылгандыгын эл аралык коомчулук кыргыз өкмөтүнүн туура кадамы катары баалаган. Кыргызстандагы укук коргоочулардын көз карашында азыр Оштогу убактылуу абакта кармалып турган 15 өзбек атуулдарынын баары тең, өзбек тарап аларды оор кылмыштарды жасагандыгында күнөөлөп жатканкандыгына карабастан, аларды кабыл алууга даярдыгын расмий билдирген Швеция, Нидерланды жана Финляндия өлкөлөрүнө өткөрүлуп берилүүгө тийиш.

Мындай пикирин «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын төрагасы Эдил Байсалов төмөнкүдөй билдирди:

- Кыргызстан БУУнун Качкындар боюнча башкы комиссарлыгы тарабынан качкын макамы берилген өзбек бозгундарын гана эмес, алардын 15ин тең үчүнчү өлкөгө өткөрүп берүү керек. Кыргызстан качкындарга байланыштуу эл аралык Конвенцияларды сактоого тийиш.

Буга чейин озбек бозгундарына байланыштуу бир топ алгылыктуу иштерди жүргүзүп келген укук коргоо уюмдарынын бири «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова да Кыргызстандагы 15 өзбек бозгуну үчүнчү өлкөлөргө өткөрүлүп берилишине ишенет:

- Биз кыргыз өкмөтү ошол 15 качкынды үчүнчү өлкөлөргө өткөрүп берээрине жана Башкы прокурор Азимбек Бекназаров да өзүнүн сөзүнө турат деп ишенебиз. Азыр Ошто сизодо отурган 15 өзбек бозгуну тең үчүнчү өлкөлөргө өткөрүлүп берилиши керек. Качкын статусу бериле элек үч өзбек бозгунуна да мындай макам берилет деп ойлойбуз. Бүгүн БУУнун Качкындар комиссарлыгынан дагы бир өкүл келди – эксперт. Ал ошол качкындар менен жолугушуп, аларга коюлуп жаткан күнөөлөр канчалык негиздүү экендигин иликтейт.

«Адилет» укук коргоо уюмнунун төрайымы Чолпон Жакупованын пикиринде, азыр кыргыз өкмөтү үчүн 15 өзбек атуулун үчүнчү өлкөлөргө өткөрүп берүүдөн башка жол жок:

- Кандай болгон учурда да Кыргызстан ушундай кырдаалда турат. Ошол качкындарды кайра Өзбекстанга кайтарып берүү жөнүндө сөз да болушу мүмкүн эмес. Анткени, бул эл аралык милдеттенмелерди бузууга жатат. Албетте, азыр 15 качкын оор кылмыштарды жасаган деп күнөөлөнүүдө. Ошондуктан, менимче, Кыргызстан үчүн эң туура кадам – бул качкындардын калгандарын үчүнчү өлкөгө өткөрүп берүү. Андан башка жол жок. Азыр биздин уюм Кыргызстандын миграция департаменти тарабынан качкын макамы берилбеген үч атуулга качкын статусун берүү маселесин да көтөрүп жатабыз. Азыр биз бул боюнча сотко кайрылдык.

Ал эми Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов оор кылмыш жасаган деп күнөөлөнүп жаткан өзбек атуулдарын үчүнчү өлкөгө өткөрүп берүү маселеси боюнча мындайча пикирин билдирди:

- Эгерде ошол 15 бозгундун кылмыш иш жасагандыгы тастыкталса, алар Өзбекстанга өткөрүлүп берилиши керек. Ал эми к ылмыш иш жасагандыгы далилденбесе, үчүнчү өлкөлөргө өткөрүлүп берилүүгө тийиш.

Кыргыз президентинин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун белгилегендей, 15 өзбек качкын үчүнчү өлкөгө өткөрүлүп берилиши керек:

- Азыр Кыргызстан бизде калган качкындарды алууга даярдыгын билдирген өлкөлөргө өткөрүп бербесе, биз эл аралык коомчулукка шылдың болобуз. Бекназаров буга чейин айткан: биз качкындарды алууга даяр өлкөлөр болсо, аларды өткөрүп беребиз деп. Мына эми мындай өлкөлөр да чыкты. Эми өткөрүп беришибиз керек.

XS
SM
MD
LG