Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:18

Нарында жол кырсыгы көбөйүүдө


НАРЫН. Мындай маалыматты облустук мамлекеттик автоинспекциясынын инспектору Эркинбек Рыскулбеков билдирди. Анын айтымында, ушул жылдын жети айында 50 жол кырсыгы катталып, андан 11 адам каза болгон. Жаш өспүрүмдөр арасында 16 жол кырсыгы катталып, 3 өспүрүм каза болгон. Бул көрсөткүчтөр жыл сайын өсүүдө. Анын негизги себеби автоунаалардын техникалык абалы талапка жооп бербейт. Облус боюнча 15 миң менчик автоунаа болсо, алардын 70 пайызынын техникалык абалы талапка ылайык келбейт. Нарын шаарынын өзүндөгү төрт светофордун бирөө гана иштейт, калганына шаардын бюджетинде акча жок. Аталган кызмат үчүн жооптуу реформа зарыл деп кошумчалады Эркинбек Рыскулбеков.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG