Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:17

ОРУСИЯДА ЭКОНОМИКАЛЫК ИШЕНИМ ОРНОЙ БАШТАДЫБЫ?


Өткөн айда Орусияда чет элдик инвестициянын өсүшү менен баалуу кагаздар рыногунун көрсөткүчтөрү бир топко жогорулады. Бирок тескерисинче, орус өкмөтү жарыялаган маалыматтарга караганда, экономикага карата ички ишеним төмөндөөдө. Капиталдын четке агылуусу тездеп жатат. Мындай жагдайда Орусияда экономикалык ишеним калыбына келе баштады деп айтууга болобу?

Бир кезде Орусиянын эң ачык башкарылган мунай компаниясы катары эсептелген ЮКОСтун талкаланышы, анын башкы кожоюндарынын бири Михаил Ходорковскийдин камалып, соттолушу бул өлкөдөгү бизнеске карата эл аралык ишенимге олуттуу сокку урганы белгилүү. Көпчүлүк Ходорковскийдин сот жараянын саясий жүйөөсү бар иш катары кабыл алган эле. Бул окуя ошондо Орусияда жеке менчикке карата укуктун корголуш деңгээлин көргөзгөндөй болгон.

Бирок эми жагдай акырындап өзгөрө баштагандай. Маселен өткөн айда чет элдик инвестициянын көлөмү рекорддук чекке чыкты. Айрымдар муну Орусия ЮКОСтун ишин артка таштаганын белгиси деп эсептешүүдө. "Brunswick UBS" деп аталган компаниянын Москвадагы кеңсесинин экономисти Ал Бричтин пикиринде, Орусиянын экономикасы азыр жакшы ыргакта:

- Бюджеттеги ашыкча акча быйыл Улуттук дүң өндүрүштүн 5%ынан ашат. Дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө бюджеттик дефицит, бирок Орусия оголе көп ашыкча акчаны башкарууда. Ага катар айлык акы, киреше көтөрүлдү, ички керектөө быйыл 8%га өсүүдө. Бул укмуштуу макроэкономикалык кырдаал. Эгер алар ЮКОСтун ишине барбаганда, экономика мындан да жогоруламак.

Орусияда экономикага болгон ишеним калыбына келе баштаганын бир жүйөөсү президент Владмир Путиндин ишкер чөйрөнү мамлекет эми жеке мүлктөргө тийишпей турганына ынандыруу аракети болушу мүмкүн. Быйыл март айында Путин менчиктештирүү боюнча иштерге укуктук доомат артуунун мөөнөтүн он жылдан 3 жылга түшүрүрүүнү убада кылган эле. Бул теориялык жагын алганда, 90-жылдардын ортосунда менчиктештирүүнүн тууралыгын эми эч ким талашпайт дегенди туюндурат.

Анткен менен күмөнсүнүү да сакталууда. Чет элдик инвестициялар көбөйгөнү менен өнүгүп келе жаткан башка өлкөлөрдүн көрсөткүчүнө салыштырганда төмөн. Жалпы экономикалык өсүштүн деңгээли мурдагыдан басаңдаганын көргөзүүдө. Маселен, биринчи кварталда Улуттук дүң өндүрүш 5,2%га жогорулаган. Бул акыркы үч жыл ичиндеги эң төмөнкү кварталдык көрсөткүч. Ал эми өнөр жайдын өсүшү май айында 1,4% эле болгон. Орус президенти Путин болсо 2012-жылга карата Улуттук дүң өндүрүштү эки эсеге көбөйтүү милдетин койгону белгилүү. Бул үчүн жылына 7-8%дык өсүш талап кылынат. Инфляция быйыл 10%деп мерчемделген эле, бирок жыл аягында 13%га жетээри күтүлүүдө.

Роланд Нэш - Москвадагы "Реннесанс капитал" компаниясынын аналитиги буларга токтолду:

- Орусияга чет элдик инвестиция мурдагыдан көп келип жатканы жакшы жаңылык. Бирок мунун тескери жагы - ички инвестициянын деңгээли төмөндөөдө. Менимче бул жерде чынында жакшы өнүгүп жаткан экономика менен финансылык жакшы алаканын ортосунда баш айландырган бир коркунуч бар. Орусия экономикасы азыр жылына 5%га жогорулоодо, бирок мындан да тез өсүүсү мүмкүн.

Былтыр өлкөдөн капиталдын кетүүсү мурда болуп көрбөгөн чекке чыкан эле. Быйыл экономикалык өнүгүү министри Герман Грефтин айтымында, сыртка кеткен акчанын көлөмү 5-7 миллиард доллардын тегерегинде болот.

Эксперттер белгилеп жатышкандай, бюджетте ашыкча акчанын топтолушуна өбөлгө болгон негизги фактор – эл аралык базардын мунай баасынын кымбаттыгы. Бул Орусияга экономиканы диверсификациялап, ички өндүрүшкө демөөр берген реформаларды жүргүзүүсү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк тартуулоодо. Бирок жогорудагы жагымдуу жагдай пайдаланылбай калышы ыктымал. Президент Путин мунайдан түшкөн ашыкча акчанын эсебинен Батыштын карызынан кутулууга артыкчылык берип жаткандай.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG