Дели шаарында Индия менен Пакистан өкүлдөрүнүн жыйыны уланууда. Индия тараптын айтымында, Пакистан Индияга эң ыңгайлуу соода шарттарын түзүүгө тийиш, анткени Индия тараптан Пакистанга андай макам мындан 20 жыл илгери берилген. Андай тартип орнотулса, Индияда өндүрүлгөн буюмдар Пакистанга экспорттолгондо, аларга салынган салыктын өлчөмү төмөндөйт. Жыйында Кашмир маселеси да талкууланууда.