Хантеңир чокусунун аймагындагы Түштүк Эңилчек тоо кыркасында кырсыкка учураган тик учакта негизинен туристтер: Австриянын, Германиянын жана Орусиянын жарандары болушкан.
Экипаждын командири Алексей Волошиндин колу сынган жана бети күйүккө учураган, анын жардамчысы Азамат Бугубаев менен борт инженер Рыскул Адылбаев күйүккө учурашкан. Булар алгач Караколдогу облустук ооруканага жеткирилип, ал жерден биринчи жардам алышкандан кийин, Алексей Волошин менен Рыскул Адылбаев Бишкектеги тез жардам жана ортопедия борборуна алып келинди.
Борбордун жетекчиси Сабыр Жумабековдун айтымында, учурда ооруканада жаткандардын абалын бир жактуу баалоо кыйын:
- Оорулуу Волошиндин колу каруусунан сынып, бети-башы, колу-буттарынын териси баары күйүп, 1-2-3А-даражадагы 8 пайыз күйүк алган. Ал эми экинчи оорулуу Адылбаев 1-2-3АБ даражадагы күйүк алган. Бети, башы жана буттары, жалпы денесинин 38 пайызы күйүккө учураган. Мунун ичинен 30 пайызы териси этине чейин терең жабыркаган. Булар экөө тең азыр биздин дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Дарыгер Сабыр Жумабековдун айтуусунда, жабыркагандардын арасында Германиянын жараны да болгон. 38 жаштагы немис жараны Бишкектеги тез жардам ооруканасында бир күн жаткандан кийин, өз өлкөсүнө алынып кеткен:
- Германиянын жараны Стеблев да бул эки оорулуу менен кошо биздин борборго апкелинген. Анын жалпы денесинин 9 пайызы күйгөн, бирок жарааты жеңилирээк, теринин үстүнкү катмары гана күйүккө учураган. Ал биздин борбордо бир күн жаткандан кийин Германиядан ал камсыздандырылган компания атайын учак жана кишилерди жиберип алып кетти.
Учурда тик учактын кыйроо себептери атайын комиссия тарабынан изилденип жатат. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жарандык коргонуу башкармалыгынын штаб башчысы Жыргалбек Укашев билдирди. Анын айтымында тик учактын кара жашиги табылган, бирок кыйроонун себебин аныктоо үчүн кара жашикти Москвага алып баруу зарылчылыгы туулууда:
- Тик учактын кара жашигин Москвага алып баруу керек экен, анткени тик учактын кыйроо себептерин аныктоо үчүн жашиктеги көрсөткүчтөрдү чечмелөөчү технология бизде жок. Мындан тышкары комиссиядагы адистер кырсык болгон жерге дагы бир нече жолу барып, кулаган тик учактын калдыктарын алып, кыйроонун себеби изилдешмекчи. Азырынча жыйынтыгы чыга элек.
Өзгөчө кырдаалдар жана экология министрлигинен маалымдашкандай, министрликтин карамагында бир да тик учак калган жок. Болгон эки тик учактын экөө тең кыйрап жок болгон. Мындан ары аталган министрлик ар кандай кырсыктар болгон учурда коргоо министрлигинин жана жарандык авиация департаментинин тик учактарын колдонууга аргасыз.