Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:24

БАКИЕВ-БЖЕЗИНСКИЙ, 70 ФОНД, ЭЛДИК КУРУЛТАЙ, МАМЛЕКЕТТИК КЕҢЕШЧИ


Ушул аптанын соңунда Кыргызстанда жаңы президенттин кызматка кирүү жөрөлгөсү жасалат. Мезгилдүү басылмаларда журт башчыларын шайлоо салты, аны журт алдына алып чыгуу аземи тууралуу материалдар арбын жарыяланууда. Жаңы бийликтин өкмөт курамын кандай түзөрү да көпчүлүктүн көңүлүн бурган маселе.

Мурдагы өкмөттөн айырмаланып, жаңы аткаруу бийлиги түзүүчүлүк иштер менен алек болуусу керек. Буга чейин көп нерселер талкаланды, таланып-тонолуп кетти. Жаңы өкмөттүн түзүмү жөнөкөй, ачык-так, ким эмнеге жооп берери белгилүү болушу абзел, дейт Мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов 9-августтагы «Слово Кыргызстана» гезитинде жарыяланган маегинде.

Ушу тапта өкмөттүн алдында аркыл аталыштагы 70 фонд иштейт. Жаңы өкмөт түзүмүн сунуш кылгандар аларды 16 пайыз кыскартууну туура деп эсептешет. Азыр мамлекеттик кызматкерлер бюджеттен айлык алып отургандардын 20% түзөт. Орусияда бул көрсөткүч 4% гана. Мамлекеттик кызматкерлерди кармоого мамлекеттик бюджеттен 21% каражат жумшалат. Орусия менен Казакстандагы көрсөткүч 5%

Өткөн жылы Кыргызстанда 42 миллион литр арак, 39 миллион литр пиво сатылган. 5 миллион калкы бар өлкө үчүн бул өтөле көп көрсөткүч. Кыргызстан ачкыл сууну арбын ичкен республикага айланып баратат, дейт вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ишенкүл Болжурова. Аракечтик кылмыштуулуктун көбөйүшүнө, оору-сыркоонун арбышына, адеп-ыймандын жоголушуна алып келүүдө.

Кыргыз элинин журт башчысынын шайлоосу «Манас» эпосунда кандай сүрөттөлгөндүгүнө шейшембидеги «Кыргыз туусу» токтолгон. «Ошол кездеги кырк уруу кыргыздын хан шайлоо адатынан нукура демократиялык белгилерди байкоого болот. Мисалы, хан боло турган кишини же баатырды эч качан бир ууч адамдардын тобу шайлаган эмес. Ал жалпы элдин макулдугу менен шайланган. Адегенде ар уруу өз баатырларынан талапкер көрсөтүшкөн. Эгерде эл аларды эп көрбөсө, башка талапкер көрсөтүлгөн. Талапкерлерди алып чыгууда жөн билги, акылман аксакалдар чоң роль ойногон. Алар сунуштап, калың журт макулдугун берген», деп жазат Бишкек шаарынан Керим Сарымсаков.

Кыргыздын кылым карытып келаткан нарк-насили аз-аздан азайып, улут ичара диний ажырымга, социалдык теңсиздикке кабылып, ушу тапта тилинен ажырап калуу коркунучуна келип калганы Мамлекеттик катчы Дастан Сарыгуловдун ушул эле гезиттеги маегинде козголгон.

«Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов жаңыланчу Конституцияга элдик курултай институтун киргизүүгө каршы экенин билдирген. Анын оюнча, буга чейинки өткөн курултайларда көбүнесе бийлик башындагыларды опсуз мактоо, көкөлөтүп көтөрмөлөө аракети жасалып келген. «Анан эл атынан сүйлөгөн элдик курултайдан 700 киши эмес 7000 киши болсо да, элдин кызыкчылыгын коргоп жиберерине мен ишенбейм», дейт Э.Байсалов.

Мамлекет башчысынын акыл кошчу кеңешчиси бүгүнкү менен эртеңкини сергек туя билген даанышман, мамлекеттин түпкүлүктүү саясаты кайсы багытка түшөөрүн кылдат баамдаган ойчул болушу абзел. Шаршембиде чыгуучу «Аргументы и факты Кыргызстан» апталыгында мамлекеттик кеңешчи институту тууралуу Д.Орловдун «К.Бакиев жана З.Бжезинский» деген макаласы жарыяланууда. Кийинки кездердеги Кыргызстандын тышкы саясий иштериндеги оош-кыйыштар өлкө башчысынын азырынча мыкты кеңешчиси жоктугун көрсөтүүдө. АКШ преиздентинин кеңешчиси З.Бжезинский кыйла жылдар илгери эле СССР деген эңгезер империя куларын билип, дүйнө кайсы жакка баратканына кылдат баам таштап, акыл калчап турган. Кыргызстан президентинин жанында тышкы жана ички саясаттын багытын так аныктай турган зирек акыл адамдар турушу керек, дейт макала автору. Ансыз өлкө бирде Шаңхай кызматташуу уюмунун пикирине уюп, бирде АКШнын акылына тен берип, эки ортодо ур-тепкиде кала бериши толук ыктымал.

Мындан ары Бишкекти курчаган жаңы конуштардын курулуштары ойкелди түшпөй, архитектуралык-инженердик талаптарга ылайык жүргүзүлөрү өкмөт алдындагы курулуш жана архитектура боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Анвар Турсуновдун маегинде кабарланат.
XS
SM
MD
LG