Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:59

Марска космос спутниги бейшембиде учат


Американын НАСА космостук агенттиги мурда белгиленгендей Марс планетасына 10-августта учкучу жок космос кораблин учурбайт. Ага техникалык кемчиликтер тоскоол болду.НАСА агенттигинин өкүлү Жорж Диллердин айтымында, 2 тонналык кораблди учуруу кеминде 24 саатка чейин токтотулат. Анткени, инженерлер кораблдин башкаруу системасынын навигациялык жабдууларынан кемчилик табышты. Эми Марска корабль бейшемби күнү Бишкек убактысы боюнча кечки саат алтыдан кийин учурулушу мүмкүн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG