Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:47

М. Ходорковский башка түрмөгө которулду


Орусиядагы эң бай адамдардын бири Михаил Ходорковскийди түрмөдө кармоо режими катууланды. Аны шейшембиде мурда жаткан атайын абактан тергөө абагына которушуп, ал жерде мурда жаткан 11 адамдын үстүнө кошушту. Ходорковскийдин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, ал жерге гезит киргизилбейт жана телевизор көрүүгө тыюу салынган. Андан тышкары Москванын райондук соту Ходорковский менен “Менатептин” башчысы Платон Лебедевдин адвокаттарына сот жараянынын протоколун бербей коюшту. Адвокаттардын айтымында, колго берилген протоколдор түп нуска менен дал келбейт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG