Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:02

Ирандык журналистти бошотууга АКШ Тегеранды чакырды


Ирандын көп күндөн бери ачкачылык кармап жаткан журналисти Акбар Ганджини бошотууну АКШ Ирандын өкмөтүнөн өтүндү. АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Адам Эрели Акбар Ганджини “адам укуктарын жана атуулдардын эркиндигин коргоочу” деп баалады. Ал эми журналисттин үй-бүлөсү ачкачылык жарыялагандан бери анын ден соолугу абдан начарлап кетти деп тынчсызданып жатышат. Акбар Ганджи 2001-жылы Ирандын коопсуздук кызматы менен тартип коргоо органдарынын жогорку даражалуу кызматкерлери саясат үчүн киши өлтүрүүлөргө тиешеси бар деп жазган макалалары үчүн камакка алынган. Ал эми өткөн жумада анын ишин карап жаткан сотту атып кетишкен.

XS
SM
MD
LG