Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:24

МАГАТЭ Ирандын өзөктүк программасын талкуулап жатат


Бүгүн Вена шаарында атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин жетекчилеринин кезексиз жыйыны уланат. Анда МАГАТЭ өзөктүк программасын кайра жанданткан Ирандын аракети талкууланууда. Буга чейин Евробиримдиктин атынан үч мамлекет Улуу Британия, Германия жана Франция жүргүзгөн сүйлөшүүлөр натыйжа алып келген эмес. Евробиримдиктин өткөн жумадагы сүйлөшүүлөрдү кайра жандантуу сунушун Иран “шылдыңдоо” деп четке каккан. Ирандын өзөктүк ишканасын кайрадан ишке киргизгендигине байланыштуу АКШнын президенти Жорж Буш билдирүү жасап, Тегерандын бул ишине чоң күмөн саноо менен карап жаткандыгын жана Ирандын жаңы президенти Махмуд Ахмадинежад менен сүйлөшүүлөр уланат деп үмүттөнөөрүн белгиледи. Ахмадинежад болсо сүйлөшүүгө Иран макул, бирок дагы жаңы сунуштары бар деп билдирди.

XS
SM
MD
LG