Линктер

шаршемби, 25-январь, 2017 Бишкек убактысы 07:32

Серб командири Гаагада соттолот


Аскерий кылмыштарды жасады деген айып менен Аргентинада кармалган Босниялык серб Милан Лукич Гаага трибуналынын кароосуна барууга макул болду. Буанэс-Айрестеги сот маалында Милан Лукич Аргентинага жасалма документ менен келгендигин мойнуна алып, эл аралык сотко кайрылбай тургандыгын билдирди. Милан Лукич 1990-жылдардын башында Босниядагы мусулмандарды тукум курут кылууга катышкан куралдуу күчтөрдүн командири болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG