Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:48

Чолпон Орозобекова, Бишкек АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг Вашингтонго кайтаар алдында журналисттер үчүн соңку маалымат жыйынын берди. Стивен Янг Кыргызстандагы миссиясын аяктап жатып, өлкөдөгү кырдаал, аскердик база, сөз экриндиги жана качкындар туурасындагы маселелер боюнча ой бөлүштү.

Стивен Янг мырза 24- марттагы жана 10-июлдагы өнөктүктөрдүн аркасында Кыргызстанда тынч, демократиялуу бийлик алмашуу болду деп белгиледи. Ал Кыргызстандан оптимисттик маанай менен кетип жатканын айтып, «эки жыл ичинде бул өлкөдөгү тарыхый саясий окуяларга күбө болгонума кубанычтамын» деди. Анын пикиринде, азыркы кыргыз бийлиги эң башкысы экономиканы көтөрүп, демокартиялык жараяндарды алдыга жылдырып, коррупцияга каршы күрөшкөнү оң.

Журналисттердин Ганси аскердик базасы тууралуу суроолору көп болду. Элчининин пикиринде, бул аскердик база Кыргызстандын коопсуздугу үчүн гана маанилүү эмес, ал экономикалык да киреше берип атканын унутпаш керек. Соңку жылда эле баш аягы 150 миллион долларга чукул каражат түшкөнүн санап берди.

Стивен Янг америкалык тарап тендерлерди жарыялап таза жана ачык иштейт дейт. Ал эми төлөнгөн каражатты кыргыз тарап кандай пайдаланып, каякка жумшап атканын АКШ көзмөлдөгөнгө милдеттүү эмес.
Өзбекстан америкалык аскердик базаны чыгарып кетүүгө 180 күндүк мөөнөт бергени белгилүү. Айрым маалымат каражаттарында буга чейин Ханабаддагы база «Манаска» көчүрүлөт деген маалыматтар пайда болгон. Элчи ал база Кыргызстанга көчүрүлөт деп кесе айткан жок, бирок жок деп да айткан жок. Бирок ал жактагы учактар Манастагы базага алынып келинбейт деди.

Анын айтымында, географиялык жактан алганда Ханабаддан «Манаска» көчүш үчүн аралык деле анча алыс эмес:

- Географиляык жайгашуусу жагынан айтканда Хаанабаддагы операцияларды бул жакка которуу үчүн анча деле алыстык кылбайт. Кыргыз өкмөтүнө буга чейин эле Ганси базасы кеңейип, кайра кыскартылып тураарын кабарлаганбыз. Учурда Ооганстандагы шайлоого байланыштуу бул базада иш көбөйүп атат. Былтыр Ооганстандагы президенттик шайлоо убагындагы да иш күчөгөн. Биз дайым бул маселеде кыргыз өкмөтү менен жакшы диалогдобуз.

АКШнын элчиси Аскар Акаевдин тушунда Кыргызстанда демокартиялык жараяндар болгонун, бирок соңку жылдары аксап кеткенин айтты. Ал «Аскар Акаевге чөйрөсүбү, жакын адамдарыбы же узак жылдар бою бийликте отуруп калганы терс таасирин тийгиздиби так айта албайм» дейт. Аскар Акаев мурда жолукканда илимий иштерин, академиялык жумушун сагынганын айтып жүрчү экен. Стивен Янг «эми илимий иштерине убактысы тийерине кубанычтамын» деген оюн айтты.

Элчи мырза Кыргызстанда учурда өтө олуттуу болуп аткан качкындар маселесине да токтолду. Элчинин пикиринде, Ош тергөө абагындагы 15 качкынды тең кабыл алууга даяр үчүнчү өлкөлөр да бар. «Бул тууралуу кыргыз бийлигинин маалыматы бар» деди элчи.

Анын пикиринде, бул маселеде БУУ менен чогуу иштешип, коңшу мамлекеттин басымына карабастан эл аралык нормаларга ыктагандыгы Кыргызстандын эл аралык чөйрөдөгү кадыр-баркын көтөрдү. Стивен Янг мырза БУУнун мандатын алган 11 качкындан сырткаркы төртөө боюнча да тыкыр иликтөөлөр болот деген үмүтүн билдирди.

14-августтагы ант берүү аземине, буга чейин айрым интернет-баракчаларда айтылгандай, мамлекеттик катчы Кондолиза Райс эмне үчүн келбей калды деген суроого мындайча жооп айтты:

- Мен түшүндүргөндөй коммерция министри Гутьеррес мырза келет. Менимче,Райс айым бул өлкөдөгү окуяларды абдан кунт коюп карап атат. Баклим келечекте ал да бул жакка келип кетээр.

Стивен Янг Кыргызстанда эки жыл иштеди. Вашингтонго кайтып баргандан кийин кайсы өлкөгө жөнөтүлөөрүн азырынча билбейт. Бирок америкалыктардын “эски жоокер эч качан өлбөйт» деген ылакап кебин айтып, Кыргызстандын азыркы бийлигине чоң ишенимин билдирди:

- Курманбек Бакиев, Феликс Кулов, Адахан Маудмаров жана Роза Отунбаева өңдүү мыкты инсандар менен жеке байланыштарыма негиздеп айткым келет: Сиздердин келечек ишенимдүү адамдардын колунда. Мен кайсы бир күнү кайтып келип, гүлдөгөн, өнүккөн жана демократиялуу өлкөнү көргүм келет.
XS
SM
MD
LG