Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:28

ЭЛ КҮТҮҮДӨ, ӨКМӨТ ТОКТОМ ТОКУУДА


Ушул жылдын 10-13-июндагы табигый кырсыктан жапа чеккендерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү, кыйын абалда калгандарга үй куруп алууга жардам берүү тууралуу өкмөт токтом кабыл алды. Кийинки жылдары тез-тез кайталанчу табигый кырсыктардан улам миңдеген кожолуктар коопсуз жерлерге көчүрүлүп, коркунучтуу аймактардын саны арбып баратат. Кыйын кырдаалга кабылгандардын күткөн үмүтү - өкмөттөн келчү жардам.

Жер көчкү, сел, суу ташкын, жер жаракасы, иши кылып жылдан-жылга көбөйүп бараткан табигый кырсыктардын кесепетин жоюунун оор түйшүгү өкмөттүн мойнуна артылууда. Аткаруу бийлиги айтылуу «Кумтөр» алтын кенине тийиштүү акциясынын бир бөлүгүн сатыкка койгондон тапкан 82 миллион доллар пайдасынын 2 миллионун табигый кырсыктан жапа чеккендерге үй салып алууга үстөк пайызы жок карыз акчага чегерүүнү чечкен. Кыргыз акчасына айландырганда 82 миллион сомду түзчү каражат быйыл үй салууга киришип калгандарга, дубал түптөөгө муктаждарга бөлүнмөкчү.

Өкмөттүн Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик комиссиясынын Турак-жай курулуш департаментинин жетекчиси Айчүрөк Тазабекованын ырасташынча, алдагыдай акча ашып барса 500 үйдүн курулушуна жетет. Республика боюнча кырсыктан жапа чегип, үй курууга өзгөчө муктаж кожолуктардын саны 5000 ашуун. Ушул жылдын 29-июлунда өкмөттүн буйругу менен 82 миллион сом бөлүндү.

- Бул 82 миллион сом муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн үй куруп алышына жетпейт. Бизге азыр 1 миллиард сом керек. Бирок да азыр колубузда болгону 82 миллион сом гана турат. Биз бардык облус, район жетекчилери менен жолугуп, алардын алдына момундай милдет койдук: акча баарына жетпегенден кийин өзгөчө муктаж үй-бүлөлөргө каражат жагынан жардам беришибиз зарыл. Жергиликтүү бийлик жетекчилерине тизмени тактап, өзгөчө муктаж үй-бүлөлөрдү аныктап берүүнү тапшырдык.

Бул иш август, сентябрь айында аткарылышы зарыл. А.Тазабекованын маалымдашынча, ушу тапта райондордо атайын комиссиялар иштешүүдө. Ага айыл өкмөттөрүнөн, бейөкмөт уюм, мыйзам коргоо органдарынан өкүлдөр киришкен. Комиссиялар жардамга өзгөчө муктаж үй-бүлөлөрдү аныктап чыгышмакчы. Андай тизме айрым райондордо такталып бүтүп калды.

Бюджет таңкыстыгын башынан кечирип аткан өкмөт «Кумтөр» алтын кенинен үлөштүрүлгөн 2 миллион доллардан ашуун акча берүүгө кудурети жоктугун айтып, жыл сайын азайгандын ордуна арбып бараткан табигый кырсыктардын кесепетин жоюунун башкача жолдорун иликтөөдө. Кысталыш жагдайдан чыгуунун ыктуу жолу - турак-жайды камсыздандыруу. Бирок да аны ансыз да жону жука калктын көтөрүшү кыйын. Жергиликтүү бийликтин, кырсыктан жапа чегип, айталаада чатыр тигип отургандардын күткөнү - өкмөттөн берилчү ссуда.

- Бизде эчтеке жок. Ушул өкмөттү эле күтүп отурабыз. Эптеп эле ушул ссуданы берсе анан жашасак деп. Же тоодо ишибиз жок, же бул жерде ишибиз жок. Орто жолдо калдык азыр, арасат,- дейт Сузак районундагы «Жашасын» айылынын жанындагы талаада чатыр тигип отурган «Орток» айылынын тургуну Саадат Раманкулова.

Президенттин Кыргызстандын түштүк аймактарындагы расмий өкүлү Алманбет Матубраимов кийинки кездери суу чарба объектилеринин көбү кароосуз калып, жетиштүү көңүл бурулбай калышынын кесепетинен кырсыктын залалдары чоң болууда деп эсептейт:

- Негизинен мында эмне, убагында акча каржаты, башка маселелер чечилбегендиктен бул жерде кыйынчылыктар, кемчиликтер бар. Бирок ушул айларда кыйын кырдаал түзүлөт деп ойлоп көргөн эмеспиз.

Адистердин айтымында, жер катмарынын ысып баратышынын натыйжасында күтүлгөн-күтүлбөгөн табигый кырсыктардын саны көбөйө бермекчи. Аны алдын-алуу, сактык чараларын көрүү кыйла каражатты талап кылчу түйшүгү түмөн жумуш. Кыргызстан сындуу тоолуу жакыр өлкө үчүн бул оголе чоң сыноо бойдон калууда.

XS
SM
MD
LG