Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:27

Ош шаарынын мэри шайланды


ОШ. 10-август күнү Ош шаардык Кеңешинин 16-сессиясында альтернативалуу негизде шаар мэрин шайлоо өттү. Шайлоого президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевдин атынан анын өкүлү Нурлан Айтмырзаев Ош шаар мэрлигине эки адамды, буга чейин мэрдин милдетин аткарып келген Мамасадык Бакировдун жана шаардын мурдагы вице-мэри Жумадыл Исаковдун талапкерлигин көрсөттү. Шайлоого шаардык Кеңештин 30 депутатынын 28 катышып, добуш берүүнү баштай берүү маселеси көпчүлүк добуш менен колдоого алынды. Добуш берүүнүн жүрүшүндө депутаттардын 16сы Жумадыл Исаковго, 11и Мамасадык Бакировго жана бирөөсү баардыгына каршы добуш берди. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча көпчүлүк добушка ээ болгон Жумадыл Исаков Ош шаарынын мэри болуп шайланды. Ал эми анын атаандашы Мамасадык Бакиров шаар мэрин шайлоо облустук бийликтин кийлигишүүсү аркылуу булганыч технологияларды колдонуу менен өткөрүлгөндүгүн жана мындай аракеттер бийликтин аброюна шек келтириши мүмкүн экендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG