Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:46

Тик учактын кыйрашына жүктүн оордугу себеп болдубу?


БИШКЕК. 6-августта Хантеңири чокусунун аймагында Чукул кырдаалдар министрлигине тиешелүү тик учактын кыйрашына белгиленген ченден ашыкча жүк жүктөлүшү себеп болгон. Окуяга күбө болгон германиялык туристтер Стефан Новак менен Марк Руссел “Азаттыктын” кабарчысы менен болгон маегинде ушундай пикирин билдиришти. Алардын айтымында, ошол учурда тик учакта бир канча салмактагы жүгү менен 23 киши болгон жана ал алгач жүктүн оордугунан жерден көтөрүлө алган эмес. Айрым жүргүнчүлөр түшүп калган соң жерден көтөрүлгөн тик учак жүз метрдей бийиктеп, муз кыркасына урунган да жерге кулап түшүп, күйө баштаган.

Учурда бул иштин чоо жайын өлкөнүн атайын прокуратурасы иликтөөдө. Атайын прокурордун орун басары Кубаныч Мамакеев да тик учактын кулашына ашыкча жүк себеп болгонун “Азаттыкка” шаршембиде билдирди. Мамакеев тик учактын “кара жашиги” Москвадан чакырылган авиакомиссияга берилээрин жана алар кырсыктын себептерин, ким күнөөлүү экенин аныктаарын да кошумчалады.

XS
SM
MD
LG