Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:17

Өзбекстандын Ханабад шаарынан чыгарылган АКШнын аскер базасы Бишкектеги “Ганси” авиабазасына кошулабы?


10-августтагы маалымат жыйынында АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг мындай суроого “Өзбекстан АКШга өз аймагынан аскер базасын чыгарып кетүүгө 180 күн берди, географиялык жактан алганда андагы операцияларды Гансиге көчүрүү ынгайлуу, бирок Ханабаддагы учактар алынып келинбейт”- деп жооп берди. Элчи мырза ошондой эле кыргыз бийлиги менен авиабазаны кеңейтүү же кыскартуу тууралуу макулдашуу бар экенин, маселен Ооганстандагы президенттик шайлоо алдында база бир топ кеңейтилгенин, эми аталган өлкөдөгү парламенттик шайлоо жакындаган бул күндөрдө да кеңейүү бар экенин айтты. Ошондой эле АКШ базасы Кыргызстандын коопсуздугуна эле эмес, экономикасына да олуттуу пайда келтирип жатканын, соңку биржылда эле авиабаза Кыргызстанга ижара жана конуу акысы үчүн 28 миллион доллар , күйүүчү майларды ташып келүү жана куйуу кызматы үчүн 114 миллион доллар төлөгөнүн белгиледи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG