Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:43

Бекназаров издөөдөгү адамдар менен тил табышып алдыбы?


БИШКЕК. Кыргызстандын Баш прокурору Азимбек Бекназаров менен буга чейин издөөгө салынган Пак, Жайсанбаев, Воробьев жана башкалардын ортосунда өз ара сүйлөшүү болгондугу туурасында эл ичинде айтыла баштады. Эгерде аталган адамдар кылмышкерлер болсо, алар мыйзам алдында жооп берүүгө тийиш. Бул тууралуу президенттин алдындагы Адам укуктары боюнча комиссиясы тарабынан 10-августта таратылган билдирүүдө айтылган. Анда белгиленгендей, буга чейин издөөгө салынып, оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлөнгөн адамдарга карата Баш прокурордун мамилеси ар кандай пикирлерди жаратууда. Азыр аларга коюлган кылмыш иштер кандай түрдө каралаары, кандай тартипте сот жообуна тартылаары белгисиз. Ири өлчөмдөгү мамлекеттик мүлктү уурдоого байланыштуу кылмыш иштерин иликтөөлөр ачык, басма сөз каражаттарына дайыма маалымдоо аркылуу жүргүзүлүшү керек, - деп жазылган президенттин алдындагы Адам укуктары боюнча комиссиясынын билдирүүсүндө.

XS
SM
MD
LG