Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:50

Стивен Янгдын элчилик мөөнөтү аяктоодо


БИШКЕК. 10-августта АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг элчилик мөөнөтү аяктап жатканына байланыштуу “АКИ-пресс” агенттигинде журналисттер үчүн коштошуу маалымат жыйынын өткөрдү. Ал Кыргызстанда олуттуу тарыхый окуяларга күбө болгонуна сыймыктанаарын жана өлкөдөн оптимисттик маанайда кетип жатканын белгиледи. Элчи мырза мындан ары да дипломаттык кызматтан четтебесин, расмий Вашингтон кайсы өлкөгө жиберсе барууга даярдыгын, бирок кийинки кызматы азырынча белгисиздигин айтты.

Стивен Янг эки жыл мурда элчи Жон О Кифти алмаштырган. Эми анын ордуна АКШнын Кыргызстандагы элчиси болуп Маша Иованич айым ушул айдын соңунан тарта иштей баштайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG