Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:45

КУШ ЫЛАҢЫ ДҮЙНӨЛҮК ЭПИДЕМИЯ КАТАРЫ ТАРАШЫ МҮМКҮН


Нарын АЙЫП, Прага Июлдун аягында Орусияда куш ылаңы башталып, акыркы күндөрдө ал кошуна Казакстан менен Монголияда да табылганы - оорунун дүйнөлүк эпидемияга айланып кетүү коркунучун туудурууда. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун айтымында, коркунуч өтө зор жана бардык мамлекеттер бул ооруга каршы биргелешип күрөшүүгө тийиш.

Мындан үч-төрт жыл мурда Түштүк-Чыгыш Азияда куштар арасында жаңы оору пайда болуп, миңдеген тоок¸ каз, өрдөк өлө баштаганда, башка мамлекеттер аны азиялык өзгөчөлүк деп эсептеген. Бирок андан соң оору адамдарга да жуга баштады жана 2003-жылдан бери Таиланд, Вьетнам, Камбоджа менен Индонезияда куш ылаңынан бардыгы болуп 57 киши курман болду жана туристтер аны Европа мамлекеттерине да алып келди.

Үстүбүздөгү жылдын 21-июлунда болсо Орусиянын Новосибирск облусунун Суздалька деген айылында биринчи тооктор өлдү жана андан соң оору кошуна Омск менен Тюмен облустары, андан ары Алтай аймагы менен кошуна Казакстанга да тарады. Орусиянын саламаттык сактоо кызматтары ооруга каршы катуу чараларды көрүүгө киришти жана миңдеген канаттуулар өлтүрүлүп, өрттөндү, бирок батыш эксперттеринин пикиринде, орусиялык коррупция жана коом арасында кеңири тараган өкмөттүк чечимдерге баш ийбөө адаты эпидемиянын кеңири тарашына алып келиши мүмкүн.

Казакстан менен Орусиядан тоок этинин экспорттолушуна 5-августта Кыргызстан тыюу салды, 8-августта ошондой эле чара көрө турганы жөнүндө Европа Биримдиги да жарыялады. Ага чейин экспорттук чектөөлөр Виетнам, Индонезия, Камбоджа, Кытай, Лаос, Малайзия, Пакистан, Түндүк Корея жана Таиландка каршы киргизилген. 9-августта болсо куш ылаңы Монголияда дагы катталды - Хубсугул аймагындагы Эрхеш деген көлдүн боюнда жүзгө жакын өлгөн куш табылды.

Окумуштуулардын айтымында, куш ылаңына жооптуу вирус ылдам өзгөрүп турат, ошондуктан ага каршы даба табуу өтө кыйын иш болууда, анткени анын бир түрүнө каршы чыгарылган вакцина улам жаңы пайда болгон башка түрүнө каршы күчсүз болуп чыгышы мүмкүн. Экинчиден, башка вирустар менен кошулганда ал вирустун күчү көбөйөт, бирок эң негизгиси - куш ылаңынын вирусу кишиге жугуп, андан соң адамдан адамга өтүшү мүмкүн экендигинде.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Манила шаарында жайгашкан Чыгыш бөлүмүнүн өкүлү Боб Дицтин айтымында, бардык мамлекеттердин адистери биргелешип аракеттенип, ооруга каршы күрөшпөсө, ал эбегейсиз жоопкерсиздик болот:

- Вирус өтө кеңири аймакка тарап кетти, ошондуктан биз чечкиндүү чара көрүүгө тийишпиз, оору адамдан адамга жугушу мүмкүн жана анын кесепети өтө кейиштүү жана өтө кеңири болуп чыгышы ыктымал.

Норфолк университетинин медицина факультетинде иштеген Нейл Фергюссондун айтымында, вирус адамга жукканда, анын таасири адатта эки жарым күндөн кийин билине баштайт, бирок оорулуулардын 50 пайызынан гана медициналык тесттер менен алар куш ылаңына чалдыкканын аныктаса болот. Кийин ар бир оорулуу эки адамдан ылаң үч адамга жукса, беш айдын ичинде 85 миллион калкы бар мамлекеттин элинин үчтөн бири оорулуу болуп чыгышы мүмкүн.

Окумуштуунун айтымында, эң биринчи талап - карантин киргизип, биринчи оорулуу адамдарды башкалардан бөлүш керек жана алар менен тыкан медициналык текшерүү өткөрүү абзел. Эпидемия чыккан жерде мектеп, чиркөө, мечиттердин баары жабылыш керек, андай чаралар башынан көрүлбөсө, эпидемия башка аймактарга да тарашы мүмкүн. Бул оору чет өлкөлөрдүн проблемасы дебестен, бардык мамлекеттердин өкмөттөрү биргелешип аракеттенип, биргелешкен программа түзүүгө тийиш.
XS
SM
MD
LG